Кыргызстанда коронавирус пандемиясына каршы күрөш үчүн республикалык бюджеттен эки миллиард 569 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу 5-августтагы брифингде финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин билдирди.
Анын маалыматына караганда, акчанын 488,2 миллион сому Саламаттык сактоо министрлигине, 600,9 миллион сому Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 566 миллион сому укук оргоо органдарына, 208,9 миллион сому Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, 470 миллион сому Мамлекеттик резервдер фондуна, 157,2 миллион сому Тышкы иштер министрлигине, бир миллион сому Транспорт жана жолдор министрлигине, 27,7 миллион сом өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө бөлүндү.
Финансы министрлиги буга чейин өлкө социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылыш үчүн 2020-жылы сырттан 742,9 млн. доллар жардам аларын билдирген.
Сырттан алынган жардамдын төрттөн бир бөлүгү грант түрүндө берилет. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө алынат.
Маалым болгондой, өкмөт жыл башында коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы жана бюджетти колдоого деп эл аралык уюмдардан каржылык көмөк сураган. Каражаттардын көбү негизинен бюджеттин дефицитин жабууга жумшалууда. Кайра санактан кийин Кыргызстандын 2020-жылкы бюджети 30 млрд. сом чогулта албай калганы ачыкка чыккан.
Алты айдын жыйынтыгында казына 14 млрд. сомдон кур жалак калды. (NT)