Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Бишкектеги №1 оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев кызматтан кетти


15-июль, 2020-жыл. Бишкектеги ооруканалардын бири.
15-июль, 2020-жыл. Бишкектеги ооруканалардын бири.

Бишкек шаарындагы №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев иштен алынганын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 5-августтагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, №1 оорукана боюнча дооматты Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия териштирип, ушундай чечим чыкты.

Июль айында пандемия күчөп турган маалда №1 оорукананын дарыгери Дөөлөт Ибраимов «Фейсбуктагы» баракчасына чөнтөк телефонго тартылган видео кайрылуусун жарыялап, бул мекемеде жеке коргонуу каражаттары жетишпей, дарыгерлер ооруп, ал эми жетекчиси Жусуп Бошкоев обсервация эрежелерин бузуп жатканын айтып чыккан.

Башкы дарыгер Бошкоев өзүнө айтылган дооматтарды четке кагып, коргонуу каражаттары жетиштүү экенин жана Ибраимов менен соттошууга даяр турганын, бирок азыр антип териштирүүгө убакыт жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG