Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

ЖАМК: Аскаровдун пневмонияга чалдыгышы суук тийгендин кесепетинен болушу ыктымал


Азимжан Аскаров. Архивдик сүрөт. 2017-жыл.
Азимжан Аскаров. Архивдик сүрөт. 2017-жыл.

Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) укук коргоочу Азимжан Аскаровдун пневмонияга чалдыгышына суук тийүүдөн кийин абалы оорлогону себеп болушу ыктымал деп эсептейт. 28-июлда мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматта анын ден соолугу начарлашына өнөкөт оорулары жана дарыланыш үчүн №47 колонияга дароо которулуудан баш тартып койгону себеп болгону белгиленди.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болгон. Ага чейин ал Сокулуктагы №19 колонияда кармалып жаткан.

ЖАМК Аскаровго «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген, ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин белгилеген.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышты. (RK)

XS
SM
MD
LG