Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) демөөрчүлөрдөн жардам сураган жетекчилерге берилген эскертүүгө байланыштуу комментарий жарыялады. Мекеменин расмий сайтына чыккан маалыматта эпидемия шартында бардык медицина жайлары өз убагында жана толук көлөмдө каржыланып жатканы, өзгөчө көңүл маянага, дары-дармекке, жеке коргонуу каражаттарына жана тамак-ашка бурулганы айтылды.
Жеке коргонуу каражаттарынын бар-жогу тууралуу күн сайын мониторинг жүрүп турары, бүгүнкү күнгө карата коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражат сатып алууга жалпысынан 475 миллион сом коротулганы белгиленди. Мындан тышкары июль айында бул максатта кошумча 300 миллион сом бөлүнгөнү да белгилүү болду.
ММКФ 24-июлга карата медицина жайларында 254 миң коргонуучу кийим, 2,4 миллион беткап жана 200 миң респиратор бар экенин белгилеп, «мында элден жана жардам берип жаткан ар кыл уюмдардан түшкөн демөөрчүлүк жардамдын да үлүшү чоң» деп кошумчалады.
Соңку бир нече күндөн бери социалдык түйүндөрдө ММКФнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын облус аймагындагы медициналык мекемелерге жазган каты кызуу талкууланып жатат. 24-июлда жазылган бул катта ооруканалардын жетекчилери дары-дармек жана жеке коргонуучу каражат жагынан жардам сурап демөөрчүлөргө кайрылган учурлар көбөйүп кеткени, өкмөттү ошентип жаманатты кылган жетекчилер жоопко тартылары эскертилген.
ММКФ каттын аныктыгын тастыктап, ал Таш-Көмүр боюнча кайрылуудан кийин жазылганын белгиледи. Таш-Көмүр аймактык ооруканасында баары жетиштүү экени, жада калса эсебинде бир миллион 572 миң сом ашыкча акчасы жана кошумча жөнөтүлгөн 94 миң сому бар экени айтылды.
Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери көптөгөн ооруканаларда медицина кызматкерлери жеке коргонуучу каражаты жок иштегени, ооруну жумушунан жугузуп алганы тууралуу маалыматтар бар.
Кыргызстан боюнча жалпысынан 2 683 медкызматкер коронавируска чалдыкты, алардын 1 478и айыгып чыкты. Каза болгондору расмий эмес эсеп боюнча 60ка чамалады, расмий эсепте онго жетпеген адам.
Дарыгерлерге күнү-түнү тамак-аш жана жеке коргонуучу кийимдерди, беткаптарды таратып жүргөн ыктыярчылар тууралуу маалыматтарды социалдык түйүндөрдөн көрүүгө болот. (RK)