Шаардык полиция буга байланыштуу 25-июлда 30дан ашык адам кармалганын билдирди.
Ушул эле күнү Санкт-Петербургда полиция азери-армян жаңжалы токтотулуп, ондогон адамдар камалганын маалымдады.
Түштүк Кавказдагы бул эки мамлекеттин мамилеси 12-июлдан бери чыңалып турат.
Көчөдө да, дипломатияда да тирешүү
Соңку жаңжалдарга байланыштуу Интернетке бир катар видеолор жарыяланды. Алардын биринде Армениянын номуру тагылган машинени бир канча адам талкалап, ичиндеги айдоочуну кошо уруп жатканы тартылган. Башка видеодон азери ишкерлерине таандык ресторан талкаланганын көрүүгө болот. Кагылышка байланыштуу кылмыш иштери козголуп, тергөө башталды.
Орусиядагы армяндар биримдигинин өкүлү Давид Тоноян Москвада армяндарга бери дегенде беш жолу кол салуу болгонун билдирди. Ал армян тилинде сүйлөгөн жарандарды көчөдө уруп кетишкенин, машинелер талкаланганын айтты. Баку Еревандын мындай дооматтарын четке кагып жатат.
Азербайжандын Орусиядагы элчиси Полад Бүлбүл уулу мекендештерин "Орусиянын мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого" чакырды.
"Мыйзамдарды бузбай, өзүңөрдү биздин адилет күрөшүбүз үчүн сактагыла. Чагымдын мизин кайтаруу үчүн биз чогуу болушубуз керек, көчө мушташтын деңгээлине түшпөшүбүз керек. Биздин күрөш укуктук талаада гана жүрүшү керек", - деди дипломат.
Азери-армян диаспора өкүлдөрүнүн кагылышы башка мамлекеттерде, тактап айтканда, Лондондо, Брюсселде жана Лос-Анжелес шаарларында да орун алды.
Эки өлкөнүн жаңжалы ишкерликке да кесепетин тийгизе баштады. Москвадагы азери бизнесмендерге таандык "Фуд Сити" базары Армениядан келген товарларды сатып алуудан баш тартты. Ошондой эле дагы бир азербайжандык ишкердин "Твой дом" дүкөндөрү армян товарларын сатыктан чыгарып салды.
Жума аягында мындай жагдайга байланыштуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эки өлкөнүн ишкерлери менен жолукту. Мекеме тараткан маалыматта "Орусиядагы улут аралык ынтымакты орнотууда азери жана армян коомчулугунун ролу талкууланды" деп айтылат.
Азери-армян чек арасындагы Тавуш районундагы кырдаал 12-июлда курчуп кеткен. Тараптар соңку жаңжалдан улам бири-бирин чагымчылдыкка күнөөлөшкөн.
Эл аралык коомчулук эки коңшу өлкөнү ачууга алдырбоого, кырдаалды курчутпоо үчүн чукул чараларды көрүүгө, ок атышпоо тууралуу макулдашууларды сактоого, жаңжалды күчөтө турган иш-аракеттерден жана сөздөрдөн карманууга чакырган.
Түштүк Кавказдагы бул эки чек аралаш мамлекет буга чейин негизинен Тоолуу Карабактан улам жаңжалдашып жүрүшкөн. Соңку чек ара кагылышы Тоолуу Карабактан алыс аймакта орун алды жана буга чейин бул жерде мындай окуялар сейрек катталчу.
1990-жылдардын башында армяндар басымдуулук кылган Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагын Армения колдогон жикчилдер согуш учурунда ээлеп алышкан. Алты жылга созулган кандуу кармашта жалпысынан 30 миңдей адам ажал тапкан, жүздөгөн киши үй жайын таштай качкан. Буга байланыштуу эки өлкө бири-бирине эмгиче доомат артып келет жана чатакты жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулук ортомчулук кылган дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.