Бээжин эки өлкөнүн алакасы курчуп турган тапта АКШнын талабын аткарып Хьюстон шаарындагы консулдугун жапты.
21-июлда Вашингтон Кытайдын Хьюстон шаарындагы консулдугун жабууга 72 саат берип, чечим америкалык интеллектуалдык менчикти, жеке маалыматтарды «коргоо» үчүн кабыл алынганын билдирген. Анын алдында Кытайдын эки жараны киберчабуул коюу менен коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн жүрүп жаткан изилдөөлөрдү уурдоого аракет жасашкан деген айып тагылган.
Кытай АКШга жооп катары Чэнду шаарындагы Башкы консулдугун жабууну талап кылган. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 24-июлда билдиргендей, дипломатиялык өкүлчүлүктүн иш жүргүзүү лицензиясы артка чакыртылып алынды.
Эки держава ортосундагы мамилелер акыркы мезгилде улам курчуп баратат. АКШ Кытай коронавирустун коркунучу тууралуу маалыматтарды жаап-жашырган, Гонконгдогу эркиндиктерди жана адам укуктарын чектөөдө, Шинжаңдагы мусулмандарды лагерлерге жана абактарга салып жатат деп айыптап келет.