Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Укук коргоочу Азимжан Аскаров дүйнөдөн кайтты


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду.

Эл аралык уюмдар буга чейин анын катуу ооруп жатканын айтышып, кыргыз бийлигин укук коргоочуну эркиндикке чыгарууга чакырышкан.

10 жылдан бери темир тор артында отурган Азимжан Аскаровдун каза болгону тууралуу «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирип, маалыматты акыйкатчы Токон Мамытов ырастады.

Анын сөзү боюнча, Аскаров каза болгону тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) 25-июлда маалымат келген.

«Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан дагы кошумча маалыматтарды алып жатабыз. Эми Аскаров эмненин негизинде каза болгону тууралуу медициналык кароонун жыйынтыгын күтүшүбүз керек», - деди Мамытов.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тараткан маалыматта Аскаровго алдын ала “оң тараптуу пневмония” деген диагноз коюлган.

«Азимжан Аскаров алдын ала коюлган “оң тараптуу пневмония” деген диагноз менен №47 түзөтүү мекемесине жеткирилип, кычкылтек концентраторуна жаткырылган. Анын сатурациясы 80-83 көрсөткөн. Бирок ал каршылык көрсөтүп, кычкылтек концентраторунун маскасын айрып салган. Аскаров нөөмөттөгү дарыгердин көзөмөлүндө болчу. 25-июлда эртең мененки саат 9:30да Аскаров кайра кычкылтек концентраторун өчүрүп салган. Саат 10:30 каза болгону аныкталды. Анын дарылануудан баш тартканы тууралуу тиешелүү актылар түзүлдү. Аскаровдун сөөгү Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлдү жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн соң эмнеден каза болгону тууралуу так маалымат берилет», - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Мекеме буга чейин да Аскаров медициналык дарылануудан баш тартып келгенин кошумчалады.

Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, укук коргоочу акыркы күндөрү катуу ооруп жаткан болчу. Ал 22-июлда абакка барып, Аскаровду тезинен медициналык кароодон өткөрүүнү талап кылганын айтты:

«22-июлда мен №19 абакка келип, айнек аркылуу телефондон сүйлөшкөн элем. Ошондо жөтөлүп, сүйлөшө албай койгон. Өңү болсо сапсары эле. Мен ошол жерден дароо түрмөнүн жетекчисинин орун басарына “мындай болбойт, тезинен консилиум кылып, медициналык кароодон өткөрүңүз” деп арыз жазгам. Ал эмнеден каза болушу мүмкүн? Албетте, түрмөнүн айынан өлдү. Гуманитардык жагын карап 70 жаштагы адамды бошотуп койсо болот эле да. Үйүндө өтүп кетсе бир жөн эле. Чыгарып коюшканда эң көп жашаса дагы жарым же бир жыл жашамак. Ага да макул болушкан жок да. Мен биздин чоңдорго түшүнбөй жатам».

Валерьян Вахитов укук коргоочунун байбичеси Хадича Аскарова жолдошу каза болгондо Базар-Коргондо болгонун, учурда жолдо келе жатканын кошумчалады. Анын айтымында, Аскаровдун сөөгүн алуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат:

«Аялы Базар-Коргондон жолго чыкты. Мен анын өзү менен сүйлөштүм. Сөөгүн бергиле деп сүйлөшүп жатабыз. 10 жыл түрмөдө кыйнады. Эми кыйнабай бериши керек го».

Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, №19 абакта отурган укук коргоочу Азимжан Аскаровду "Тез жардам" кызматы 24-июлда №47 абакка жеткирген.

Бул тууралуу «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Акыйкатчы аппаратынын жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматына таянуу менен билдирген эле.

Исмаилова №47 абакта дарыланууга ыңгайлуу шарттар каралганын белгилеп, анда Аскаровдун саламаттыгы текшерилерин айткан. Бирок камактагы Аскаровдун орун которуусу боюнча ЖАМК маалымат берген эмес.

Буга чейин Front Line Defenders уюму абакта жаткан кыргызстандык укук коргоочунун саламаттыгы тууралуу билдирүү таратып, анын абалы оорлошуп кеткенин эскерткен. Бул жөнүндө аталган уюм Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитовдун маалыматына таянуу менен кабарлаган.

Уюмдун маалыматында адвокат 22-июлда укук коргоочу менен жолугуп чыкканы, Аскаров өз алдынча баса албай калганы, кездешүүгө аны абактын сакчылары жөлөп алып келгени белгиленген.

Front Line Defenders уюму Аскаровдун ден соолугу кескин начарлап кеткенине камтамачылыгын билдирип, кыргыз бийлигин БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин рекомендациясына ылайык аны чукул арада бошотууга чакырган. Дүйнөдөгү укук коргоочулардын укугун коргоо менен алектенген, баш кеңсеси Дублинде жайгашкан бул мекеме өз билдирүүсүндө соттун өкүмүн жокко чыгарууга үндөгөн.

21-июлда Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын адистери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №19 абагында жаткан Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышып чыкканын, анын дене табы көтөрүлүп жатканын маалымдаган.

20-июлда эл аралык «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Даниил Кислов Аскаровдун саламаттыгы оорлоп кеткенин билдирип, аны бошотууга чакырган. 13-июлда Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов аны ооруга чалдыкканына байланыштуу абактан чыгарууну Жаза аткаруу кызматынан өтүнгөн. Эки учурда тең ЖАМК маалыматты төгүндөп, укук коргоочунун саламаттыгы жайында экенин айткан.

Аскаровдун иши: Сот системасына сыноо

2010-жылы түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, апрель окуясынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган Кеңешбек Дүйшөбаев июнь коогасындагы Аскаровдун "күнөөсү далилденген" деп эсептейт:

«Анда ИИМдин, УКМКнын жана Башкы прокуратуранын биргелешкен тергөө группасы түзүлүп, ар бир адамдын күнөөсүн далилдегенге аракет кылышкан. Анан сотто алар далилденип, сот чечими менен кесилишти да. Анан андай-мындай деп эле сүйлөй берсе болмок беле. Жаткан жери жайлуу болсун, жаман айткыбыз деле келбейт. Баары кудайдын буйругунан да. Негизи баары мыйзам чегинде чечилген. Андан эч кандай күмөн санабай койсо деле болот. Укук коргоочулар тергөөчү эмес да, алар тергөөгө катышкан эмес. Эми анын өлүмү эмне себептен болду, дарылаганбы же дарылаган эмеспи, тиешелүү органдар текшерип чыгат болушу керек».

2010-жылы Аскаров камалып, ага өкүм чыккандан бери эле эл аралык коомчулук аны бошотууну кыргыз бийлигинен өтүнүп келет. Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитети Кыргызстанга атайын сунуштама да берген. Бирок кыргыз бийлиги өз жүйөсүн келтирип, андай өтүнүч-сунуштарды аткарган жок.

Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысы Мэри Лолор 1-майда «Кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмуна берген убадаларын аткарбай жатат» деп сындап, 10 жылдан бери «күнөөсүз абакта отурган укук коргоочуну» түрмөдөн чыгарууга үндөгөн.

25-июлда Мэри Лолор өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнөн кийин жаңы билдирүү таратты.

«Азимжан Аскаров Кыргызстанда түрмөдө каза болду. Абактарда дагы бейкүнөө адамдар өлүшү мүмкүн. Аскаров ушул маалда түрмөдө отурбашы керек эле. Бийлик аны эркиндикке чыгарбаса, укук коргоочунун өмүрүн кандай коркунуч тооруп турганын билген. Башка өлкөлөрдө мындай үрөй учурган ката кайталанбашы керек. Азыр боорукер болуунун маалы. Азимжан Аскаровдун дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабардан кийин кабыргабыз кайышып турат. Мен аны менен жолугуп, анын эч кандай күнөөсү жок экенин билчүмүн. Кыргызстан анын бийликтин дарегине айткан жөндүү сынын басуу үчүн соңку 10 жыл абакта кармады. Укук коргоочунун ден соолугунун начардыгына жана COVID-19 дартынын чоң тобокелдигине карабай, бийлик аны түрмөдөн чыгарган жок. Биз жакында эле Аскаровду эркиндикке чыгарууга үндөгөнбүз», – деп айтылат Лолордун билдирүүсүндө.

Кыргызстанда 8-майда Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 60 жаштан ашкан эркектер жана 55 жаштан ашкан аялдар абактан бошотулат. Бирок бул мунапыска Аскаров илинген эмес.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Аскаров «кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп өкмөттү сотко берген. Бирок 15-июнда Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызынын токтотулган.

Бишкек шаарынын административдик соту "өкмөт Аскаровдун укугун бузган эмес" деген бүтүмгө келген. Буга “иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт" деген жүйө келтирилген.

69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында "массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл 13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG