Ал муну бийликке карата сын көз карашы менен байланыштырып жатат. Атайын кызмат мурдагы элчи кайсы иш боюнча чакырылганын кабарлай элек.
Мурдагы элчи суракка чакырылды
Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) күбө катары суракка чакырылганын 22-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал 23-июлда атайын кызматка адвокаты менен суракка кирип баратып «Азаттыкка» комментарий берди. Мурдагы элчи кайсы иш боюнча суракка чакырылганын өзү да билбей турганын айтып, муну саясий көз карашы менен байланыштырды.
«Бул бийликке сын пикир айткан, саясий жактан башка көз карашты кармангандарга басым жасоонун бир түрү. Бул үчүн каалаган адамга каршы иштерди таап чыгышат. Былтыр Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясына барып, ал киши менен жолугуп келгенден кийин мага УКМКга чакыруу келген. Бул жолу митинг уюштуруу тууралуу «Фейсбукка» билдирүү жазгам. Ошол эле күнү УКМКга чакырышты».
Элчи кечке жуук сурактан чыкканын, ал эртең 24-июлда түшкө чейин жана кечке маал дагы УКМК бара турганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
Кылычбек Султан «Фейсбуктагы» баракчасына 5-августта президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча нааразылык акция болорун жазган. Мурдагы элчи Интернетте пандемия шартында бийликтин кетирген кемчиликтерин, коррупцияга каршы күрөш начар болуп жатканы тууралуу сын пикирлерин жазып турат.
Ал 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Кылычбек Султан терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин ал жана мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан алынган.
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы 2018-жылы бул окуяны иликтеп чыгып, Кылычбек Султан Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барган деп тапкан.
Анын УКМКга суракка чакырылышы социалдык тармактарда бийликти сындаган, кемчилигин жазып чыккан адамдардын күч органдары тарабынан суракка чакырылышы боюнча маселени кайра күн тартибине чыгарды.
«Катардагы күч кызматкерлер социалдык тармактын колдонуучуларынын артынан түшүп, аларды текшергиси келбесе керек. Бирок жетекчилик кызматта отургандар буйрук берип, коркутуп-үркүтүү менен абалды жөнгө салабыз деп ойлоп жатышат. Мунун аягы жаман бүтөт. УКМК алектенчү толтура иш бар. Атайын кызмат коронавирустун жайылып кетишин алдын алса болот эле. Бул да улуттун коопсуздугу да. Чек ара маселеси чечилбей турат. Ушундай жумуштар турса өз жарандарын коркутмай, Кыргызстанды Түндүк Корея кылмай менен алектенүүдө», - деди Кылычбек Султан.
«Күч органдары милдетин унутту»
Ыктыярчылар 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда дал ушул маселени көтөрүшкөн. Алар өлкөдөгү кемчиликтерди айтып чыккандарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакыртууну токтотуу талабын коюшкан. Андан эки күн өтүп-өтө электе «Фейсбуктун» айрым колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн милициядан эскертүү алганын айтып, жазып жатышат.
«Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси, юрист Нурбек Токтакунов күч органдары азыр социалдык тармактын колдонуучуларынын артынан түшүп алып, негизги милдетин унутуп коюшту деп эсептейт.
«Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эң негизги милдети - кылмышкер менен күрөшүш керек. Милиция социалдык тармакта бийликке сын пикир айткандарды аңдып жүрөт. Азыр «Фейсбукта» сын айткандар толтура да. Мындай болсо ИИМ бул үчүн көп кызматкерлерин ишке тартышы керек болот. Бирок анда кылмышкерлер менен ким күрөшөт? Мамлекеттик органдар, милиция, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коомчулукка, мыйзамга кызмат кылышы керек. Булар болсо милдетин аткарбай бийлик үчүн, президент үчүн иштеп жатат».
Жакында эле «Фейсбуктагы» "Меместан" деген баракчанын администратору Арген Бактыбек уулу жана анын жубайы милицияга сурак берип чыгышкан.
Буга чейин бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова 15-июлда УКМКга күбө катары сурак берген. Ал суракка кирип чыккандан кийин «Фейсбуктагы» баракчасындагы бир нече билдирүүлөрдү өчүргөн. Андан мурдараак стендап-комик телефондогу "Doublicat" тиркемеси менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн пайдаланып жасаган видеону социалдык тармактарга бөлүшкөн.
Суракка кирип чыккандар тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергени үчүн кенен маалымат беришкен жок. Ал эми УКМК менен ИИМ алар кайсы иш боюнча суракка алынганы тууралуу сурообузга жооп бере элек.
УКМКнын укуругу
«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова Интернетте бийликти сындаган тамаша билдирүүлөрү үчүн күч кызматкерлери адамдарды суракка алып жатканын, өз пикирин айткандардын камалышын кескин сындады. Ал өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ачык кайрылды. Ал Интернет колдонуучуларына каршы мындай аракетти алдыдагы шайлоо менен байланыштырды.
«Азыркы окуялардын алдыдагы шайлоого тиешеси бар. Себеби бийликке жана бийликчил саясий күчтөргө карата элдин нааразылыгы курч. Андыктан бийлик ушундай жол менен абалды жөнгө салгысы келет. Бирок маселе ушуну менен эле чечилип калбайт да. Азыр социалдык тармактарда отурбаган деле кишилер бийликке карата ачуу сындарды айтып жатканын көрүп эле турабыз. Анткени пандемия аларга да оорчулук алып келди. Жакын адамдарын жоготушту».
Кыргызстанда күч органдары Интернетте туура эмес маалымат таратты деп адамдарды кармап, аларды видео аркылуу кечирим сураткан учурлар карантин маалында күчөгөн. УКМК мындай тасмаларды күн алыс чыгарып турду. Арасында медицина кызматкерлери да бар. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов "алар өз эрки менен кечирим сураганын" айткан.
Жарандык активист Рита Карасартова мындай окуялардын байма-бай катталып жатканын атайын кызматка ашыкча укук берилгенинен көрөт.
«2016-жылы декабрда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдө бардык бийлик бутактарын УКМКга чөгөлөтүп койгон. Улуттун коопсуздугу менен алектенип, сырттан келчү коркунучтарды талдап, чалгындоо менен иштей турган орган азыр мамлекеттин ичиндеги кызматтык кылмыштар, коррупция, маалыматтык коопсуздук менен алектенип отурат. Ошондуктан УКМКнын кызматкерлери «аймак аралык кастыкты, диний кастыкты ким жаратып жатат» деп ушуларды карап отуруп эле көнүп калышкан. Эми президентке сын айткандарды суракка алып жатат. Анткени буга чейин бир жолу, эки жолу кармашты ушинтип отуруп көнүп калышты да. Алар «бизге баары боло берет» деп ойлошот. Андыктан биз ушуга окшогон ар бир окуягы бут тосуп, аны токтотууга аракет кылышыбыз керек».
Ички иштер министринин мурдагы орун басары, саясатчы Кубанычбек Кадыров Интернетте бийликке каршы жазылган ар бир билдирүүнү күч органдары текшерип, артынан түшкөнүнө каршы, бирок социалдык тармакты саясий топтор туура эмес иштерге пайдаланбашы керек дейт.
«Президент «ушундай оор абалда саясатты токтотолу» деп айтты. «Эгерде саясатка аралашам десеңер 4-октябрда шайлоодон утуп келип өкмөттү түзгүлө» дебедиби. Азыр айрым саясатчылар өлкөдөгү абалдан пайдаланып өздөрүн пиар кылып жатат. Кээ бири бийликти кубалаш керек деген да ойлорду айтып жатышат».
Кыргызстанда Интернетти көзөмөлдөө боюнча сунуштар утур-утур көтөрүлүп турат. Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуш кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун парламент жарандык коомдун, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алган. Мыйзам 9-июлда президенттин кол коюусуна киргизилген.
Айрымдар соңку мезгилдеги кээ бир активисттерге карата басымды жана жамааттык кайрылууларды жайгаштыруучу дүйнөлүк Change.org онлайн-платформасынын тосмолонушун да ушул мыйзам менен байланыштырып жатышат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.