22-июлда медиа каражаттары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, алдамчылыкка айыпталып эркинен ажыратылган Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулганын жазып чыгышты.
Коомчулукта кызыгуу жараткан бул адамдын жеңилдетилген шартта жазасын өтөй турганын бир күн өтпөй Жаза аткаруу кызматы расмий түрдө ырастады. Маалыматка ылайык, 21-июлда аталган кызматтын атайын комиссиясы №47 түрмөдө жазасын эми гана өтөй баштаган Илмияновдун ишин карап, Молдовановка айылында жайгашкан жатак абакка которуу чечимин кабыл алган.
«Жаза аткаруу кодексинин 80-беренесинин негизинде оор кылмыш боюнча кесилгендер жаза мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөн соң жалпы режимдеги түзөтүү колониясынан жатак абакка которулат. Соттолуучу Илмиянов 2020-жылдын 27-апрелинен соң жатак абакка которулса болмок. 21-июлда Жаза аткаруу кызматынын атайын комиссиясынын чечими менен соттолуучу Илмиянов мындан аркы жазасын өтөө үчүн Молдовановка айылындагы жатак абакка которулду. Анын өтөлө элек жаза мөөнөтү 1 жыл 4 ай 14 күндү түзөт»,-деп айтылат маалыматта.
Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Икрамжан Илмиянов жатак абактагы мөөнөтүн 2021-жылдын 1-декабрында толугу менен өтөп бүтөт.
Икрамжан Илмияновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев расмий маалымат чыкканга чейин корголуучусунун жатак абакка которулганын тактабай жаткан. Адвокат бул чечимден кабары жок экенин, бирок Илмияновду которууга мыйзамдуу негиздер болгонун «Азаттыкка» билдирди:
«Менде мындай маалымат жок. Бирок эгер атайын комиссия Икрамжан Илмияновду жатак абакка которсо, ага бардык мыйзамдык негиз бар. Ал 2018-жылдан бери абакта отурганын эсептеп чыгып, которуу боюнча чечим кабыл алса керек».
Адвокат учурда Икрамжан Илмияновдун кайда экени жөнүндө да кабары болбогонун кошумчалады.
Буга чейин «Азаттыктын» атын атагысы келбеген булактары Илмиянов үйүнө чыгып барганын кабарлашкан.
Жатак абак деген эмне?
Негизи мыйзам боюнча жатак абактагы адам кайтарууга алынбайт, бирок аптасына бир жолу жатак абак мекемесине келип катталып, дайын-дарегин билдирип турууга милдеттүү. Бул деген соттолгон адам өз үйүндө жүрө берүүгө, мүмкүнчүлүгү болсо иштөөгө укугу бар дегенди түшүндүрөт. Болгону жатак абакка которулган адам алгачкы 10 күн эч кайда чыкпай кайтарууда болот.
Буга чейин жатак абакка которулгандардын жарымынан көбү изин жашырып кеткени боюнча маалыматтар да чыккан болчу.
Икрамжан Илмиянов 2018-жылы Кыргызстандан чыгып кетип, ошол жылдын октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ага карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык» баш болгон бир нече берене боюнча айып койгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Илмиянов 2017-жылы «Дизел комплект» аттуу беларус ишканасынан 150 миң доллар акча алганы аныкталган болчу.
2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу, үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылган. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айткан.
Быйыл 19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскарткан болчу. Буга кошумча Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель ыңкылабынын 10 жылдыгына карата президент жарыялаган мунапыска илинип, Илмияновдун жаза мөөнөтү сегиз айга кыскартылган. Ошентип, Илмиянов №47 түрмөдө жазасын өтөй баштаганы айтылган.
Бирок анын жатак абакка тез эле которулушу коомчулукта кызыгуу жаратып жатат. Буга бир нече себеп бар. Биринчиден, Илмиянов кылмышка шектелип Орусиядан кармалып келген соң "Мурдагы бийлик учурундагы таасирдүү адам кандай жазага тартылат?" деген суроо талкууга түшкөн. Экинчиден, Икрамжан Илмиянов бир ай мурун гана түзөтүү абагына жөнөтүлгөнүн эске алганда аз гана убакыт ичинде жатак абакка которулганы кызыгуу жаратууда.
Жарандык активист Адил Турдукулов Илмияновдун дал ушул учурда жатак абакка которулушунда кызык жагдайлар бар деп эсептейт:
«Икрамжан Илмиянов Ак үйдө отурган адамдар менен ымалаш болгон. Көп схемаларга аралашкан, кайсы бир компроматтарды да билиши мүмкүн. Ошон үчүн жеңил чара көрүлүшү мүмкүн, - деди Адил Турдукулов. - Ал мурдагы бийлик учурунда шайлоо өнөктүгүн жүргүзгөн, бийликчил партияларды жеңишке жеткирүүнүн схемаларын да жакшы билет. Кыргызстанда саясий система өзгөрбөгөндүктөн балким шайлоо алдында бийлик ушул жаатта күчүн колдонууга кызыкдар болуп жаткандыр».
«Шоопур» деген каймана ат менен белгилүү 45 жаштагы Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири катары белгилүү болчу. 2000-жылдардын башында жеке айдоочусу болгон Илмиянов Атамбаев президенттик кызматта турган учурда жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген. Тагыраагы, 2011-жылдан 2017-жылга чейин президенттин кеңешчиси, кийинчерээк президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп эмгектенген.
Бул учурда Илмияновдун саясий чөйрөдө таасири абдан артып, бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышып жатканы жөнүндө көп эле сөздөр жүргөн. Муну ал кездеги президент Атамбаев четке кагып, кеңешчисинин мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө ачык айтып чыккандарды сынга алчу.
Бирок 2020-жылы Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде Икрамжан Илмияновдун таасири абдан чоң болгонун ырастап, атүгүл азыркы чакырылыштагы парламентке талапкерлерди аныктоодо чоң роль ойногонун айткан жайы бар.
Ошол эле кезде "Икрамжан Илмияновду абактан чыгышы коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жатат деген дооматтарды күчөтпөйбү?" деген суроо турат.
Мына ушуларды эске алган жарандык активист Адил Турдукулов мындай шектенүүлөрдү жаратышы мүмкүн экенин четке какпайт:
«Атамбаевге карата туура эмес кадрдык саясат жүргүзгөн, парламентти көзөмөлгө алган деп айыптап жатышат. Чынында ушул иштердин артында Икрамжан Илмиянов турганы ачык эле айтылып келет. Анан ага карата дал ушул маселелер боюнча эмес, башка иш боюнча кылмыш иши козголгону башынан эле шек жараткан. Ага козголгон иш боюнча катаал чара көрүлбөй турганы да белгилүү болчу. Бул деле тандалма күрөш жүргүзүлүп жатканын көрсөткөндөй».
Ал эми мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев Илмияновго карата козголгон бул иште укуктук жана саясий маселелерди бөлүп кароо зарыл деген пикирде:
«Эгер саясий жагын эске алганда балким ал өмүр бою чыкпагандай отурушу керек болчу. Баары чырмалышып калганын көрүп жатабыз, - деди Байтемир Ибраев. - Бирок биз укуктук мамлекет болгон соң укуктук жагын эске алганда Жаза аткаруу мекемеси мыйзамга жараша санап, качан жатак абакка которсо болорун аныктап кабыл алды болушу керек. Мунун баарынын мыйзам тарабынан бекитилген механизми бар. Баарын текшерсе деле дал келсе керек. Эгер Илмияновго карата башка иштер бар болсо, ал өзүнчө бөлүнүп каралышы керек».
Кыргызстанда соңку жылдары жогорку кызматтарды ээлеген бир катар адамдарга кылмыш иши козголуп, алар абакта отурушат. Алардын арасында Илмиянов менен бир командада болгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган бир нече адам бар.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.