Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:37

Атамбаевдин жансакчысына иш козголду


Дамир Мусакеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин артында. 27-октябрь, 2011-жыл.
Дамир Мусакеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин артында. 27-октябрь, 2011-жыл.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевге карата кылмыш иши козголду. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шек саналууда.

Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде анын күзөт кызматын жетектеп, эмгиче анын жардамчысы жана жансакчысы болуп келген Дамир Мусакеевге карата кылмыш иши козголгонун Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, 7-февралда Мусакеевдин бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, өлкөдөн чыгууга тыюу салган чечимин чыгарган.

Дамир Мусакеев.
Дамир Мусакеев.

Кийинчерээк бул маалымат Башкы прокуратурадан да ырасталды. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиеванын айтымында, Дамир Мусакеев УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп турган учурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жатат:

- Кечээ Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына чакыртылып, кылмышка шектүү катары билдирме тапшырылды. Мусакеев Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмышка шектүү катары өтүп жатат. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын аныктап, өлкөдөн чыкпоо боюнча тилкат алуу жөнүндө чечим чыгарды.

Мусакеев УКМКнын №9 же Күзөт кызматын башкарып турганда кызматкерлер үчүн курулган батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп айыпталып жатат. Мекеменин бул кызматы өлкөнүн биринчи жетекчилерин жана стратегиялык объектилерин коргоо жаатында иш алып барат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасы Дамирбек Мусакеевге ачылган кылмыш иштин саясий негизи бар деп эсептейт. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Мусакеев экс-президенттин жанында ишенимдүү адамы болгону үчүн куугунтукка кабылып жатат деген оюн билдирди:

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

- Кылмыш иши Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринин арасында турак жайды бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат. Баса белгилей кетчү жагдай, бир да кызматтык батир менчикке берилген эмес. Демек, мамлекет эч кандай материалдык чыгым тарткан жок. Юристтердин айтымында, Дамир Мусакеевге коюлуп жаткан доо негизсиз. Ошондуктан биз буга саясий өӊүттөгү иш болуп жатат деген баа берет элек. Бардыгына оркоюп эле көрүнүп калды: экс-президентти сатпай, «Форумдан» кетпей Алмазбек Атамбаевдин жанында калган адамдардын баарын жок кылуу буюртмасы жүзөгө ашып жатат.

Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаев президент кезинде бир топ жыл анын жан сакчысы болгон. Ал 2016-жылы УКМКнын 9-бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, 2018-жылдын апрель айына чейин иштеген. Ал учурда Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тиреш ачыкка чыккан эле. Мамлекеттик кызматтан кеткен соң Мусакеев дароо эле Атамбаевдин командасына кошулуп, жансакчы жана жардамчы катары иштеп келди.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Мусакеевдин ишинде саясат жок болсо да, аны экс-президенттин ишмердигине байланыштыруу аракеттери болорун белгиледи:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Мусакеевге карата кандай жагдайда, эмненин негизде иш козголгонунан маалыматым жок. Бирок бүгүн эки саясатчынын ортосунда араздашуу күчөп турган кезде иш козголушу кааласаң-каалабасаң да ошол кишиге (Атамбаев-авт.) кысым, куугунтук катары карала бериши мүмкүн.

Дамир Мусакеев - экс-президентке жакын мамиледе жүрүп, кылмышка шектүү болгон алгачкы адам эмес. Буга чейин Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ар кыл мыйзамсыз иштерге шектүү катары камакка алынган. Муну КСДП саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

Саясий эксперт Искендер Ормон уулу Мусакеевге ачылган кылмыш ишинин бардык жагдайларын карабай туруп, аны бир тараптуу саясатка байлоо туура эмес экенин айтты:

- Эми сыртынан шектүү көрүнүп атышы мүмкүн. Бирок тергөөнүн, соттун дооматын, ишке байланыштуу материалдарды көрбөй туруп эле бир жактуу «саясат» дей берген туура эмес.

Кыргызстанда акыркы жылдары күч, коопсуздук жана аскер кызматкерлерине кызматтык үйлөр көп курулду. Бул эки ыңкылапты башынан өткөрүп, пикет-митингдер көп өткөн Кыргызстандагы бийликтин күч органдарын өзүнө имерүү аракети катары бааланып жүрөт. Бирок дал ушул курулган үйлөрдөгү батирлерди бөлүштүрүү боюнча буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, жогорку аскердик жетекчилер кызматтан алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG