Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Бишкек мэриясы: Күндүзгү стационарга кайрылгандар азая баштады


Бишкек. Күндүзгү стационар.
Бишкек. Күндүзгү стационар.

Бишкекте ооруканадан тышкары ачылган стационарларга кайрылгандар азая баштады. Бул тууралуу 23-июлда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бир апта мурда күндүзгү стационарларга бир суткада 4,5 миң адам кайрылган, ал эми 22-июлда 2,9 миң адамга жардам көрсөтүлдү. Түнкү стационарларга 23-июлга караган түнү 581 адам кайрылды жана бул, мэрия билдиргендей, ага чейинки көрсөткүчтөн бир аз төмөнүрөөк:

“Тилекке жараша, соңку күндөрү стационарларда абал тынч. Медиктер уюшкандыкта иштеп жатышат. Эч кимди жоготкон жокпуз”.

Июль айынын башында Бишкекте коронавирусту дарылоо үчүн ачылган ооруканаларда орун жетпей, көйгөй жаралгандыктан, шаар бийлиги 4-июлда кошумча стационарларды ача баштаган.

Ошондон бери 13 күндүзгү стационарда 63 130, үч түнкү стационарда 4 898 адам тейленди. 15-июлда мэрия жалпысынан тогуз бейтап каза болгонун кабарлаган, андан бери көз жумгандар каттала элек.

Көз каранды эмес байкоочулар диагнозуна карабастан бейтаптардын баарын бир жерге топтоо кооптуу экенин, бири-бирине илдет жугуу коркунучу бар экенин айтууда.

Шаар бийлиги мындай кооптонууга негиз жоктугун, бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталып жатканын, керебеттердин арасы эки метр жана ортосунда тосмо бар экенин билдирүүдө.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери 23-июлга карата бул инфекция 30 326 адамга жукту, алардын 16 791и айыгып чыкты, 1 169у каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG