Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

22-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Кегети.
Кыргызстан. Кегети.

22-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас, Баткен облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 28…33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.

XS
SM
MD
LG