Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

ЕБ лидерлери экономикалык жардам боюнча мунаса таба албай жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин лидерлери бюджет жана экономикалык жардам боюнча маселени үч күн бою талкуулап орток пикирге келе алышкан жок. Мындан улам алар 20-июлда дагы сүйлөшүүнү улантууну чечишти. Башында Еврошаркеттин башчыларынын жолугушуусу эки гана күнгө, 17-18-июлга белгиленген болчу.

Саммитте курч талаш-талкуу болуп, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Нидерланд менен Австриянын башчыларын айыптады жана жыйындан кетип каларын айтып опузалады.

Жыйынга төрагалык кылган Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель коронавирустан дүйнө жүзүндө 600 миңден ашык адам көз жумганын эскертип, каатчылык маалында бирге болуп, мунаса табууга чакырды.

Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин башчылары аймактагы коронавирус пандемиясынын кесепетин азайтууну сүйлөшүү үчүн Брюсселге 17-июлда чогулган. Алар бул багытка 750 миллиард евро өлчөмүндөгү каражат бөлүп берүү планын талкуулап жатышат.

Өткөн аптада Шарль Мишель коронавирус пандемиясынын көп жабыркаган өлкөлөргө 500 миллиард еврону карызга, ал эми калган 250 миллиардды грант түрүндө берүүнү сунуштаган. Мындай планды Франция менен Германия колдоп чыккан, бирок Нидерланд, Австрия, Швеция жана Дания каршы чыгып, гранттын көлөмүн мүмкүн болушунча азайтуу керектигин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG