Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Көз жумган бейтап үчүн ыйлаган ыктыярчы окуянын чоо-жайын айтып берди


Ыктыярчы София-Айдана Мурзаева. Сүрөттөр интернеттен алынды.
Ыктыярчы София-Айдана Мурзаева. Сүрөттөр интернеттен алынды.

Оорукананын алдында жан берген бейтапты сактап кала албаганын айтып ыйлаган ыктыярчы кыз окуянын чоо-жайын “Азаттык” радиосуна айтып берди.

Өзүн София-Айдана Мурзаева деп тааныштырган кыз “Демилгечи жаштар борборунун” мүчөсү экенин, абалы оорлогон бейтап жардамга муктаж болуп жатканы тууралуу кабар 17-июлга караган түнү түшкөнүн, Ак-Ордо конушуна он мүнөткө жетпей барышканын айтты:

“Эркек киши көчөдө экен. Сатурациясы 65ке түшүп калыптыр. Мен эки зымды улап, аппаратты жанындагы дүкөнгө сайдырдым. Медициналык билимим жок болгондуктан аны дарыгерлерге жеткирип, сактап калыш керек эле. Борбордогу ооруканага жеткирип, “Биздин балдар кычкылтек жаздыкчаларын алып келгенче 10-15 мүнөткө аппарат коюп тургулачы” деп сурандым. Анан Кантка болобу, башка жерге болобу, алып кетеримди айттым. Алар орун жок дешти. Орун жок болчу окшойт. Бирок адамдын өмүрүн сактап калыш үчүн бир айласын тапса болот эле деп эсептейм”.

Ыктыярчы кыздын бул окуядан кийин “Мен аны сактап калмакмын, ортодо жети мүнөт жоготуп алдым” деп ыйлап жаткан видеосу бүгүн социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкууланып жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги азырынча окуя жөнүндө расмий комментарий бере элек.

Мурзаева болжол менен 50 жаштагы ошол бейтаптын кант диабети, талма жана гипотензия оорулары да бар болгонун билдирди. Кабыл албай койгон оорукана кайсы экенин айтууну туура көргөн жок.

Ыктыярчы кыз өзү 24 жашта экенин, “Демилгечи жаштар тобу” 2019-жылы декабрда түзүлгөндөн бери бул бирикменин башында турганын, быйыл Искусство институтуна өтүүнү пландап жатканын, буга чейин борбор экологияга, жаштарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырып, эпидемия учурунда ыкчам жардамга муктаж бейтаптар менен иштеп жатышканын айтып берди.

Июль айы башталгандан бери Бишкекте коронавирус боюнча абал курч болуп турат. “Тез жардам” кызматы мурда бул мезгилде дээрлик катталбаган пневмонияга бир суткада 100гө жакын адам кабылып жатканын, дарыгерлер жетишсиз экенин билдирүүдө.

Ооруканаларда орун жок калгандыктан мэрия спорт, ресторан залдарында жана башка жайларда кошумча стационарларды ачып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG