Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Акматова: Министр жана анын орун басары чет жакта эмес, Бишкекте дарыланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев азыркы тапта Бишкекте Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатышат. Бул тууралуу 13-июлда министрликтин өкүлү Айнура Акматова билдирди:

“Министрдин жана орун басарынын абалы туруктуу. Алар инфекциялык ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат. Жумушка качан чыгары азырынча белгисиз”.

Буга чейин министр Сабиржан Абдикаримов пневмония, ал эми анын орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска чалдыкканы, алар дарыланууга Германияга жөнөп кеткени тууралуу маалыматтар тараган болчу.

Социалдык түйүндөрдө айрым кыргызстандык аткаминерлер чет жактан дарыланыш үчүн чартердик учактарды буюртма боюнча чакыртып жатышканы да айтылган. “Манас” аэропорту буюртма каттамдар чет элдиктерди гана тейлеп жатканын маалымдады.

Коронавирус өлкөдө жалпысынан 11117 адамдан табылды, алардын ичинен 147 бейтап кайтыш болду, 3460 бейтап айыгып кетти. Пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата канча адам экени айтылган жок, каза болгондордун саны 452 адамга жетти.

Эпидемия башталганда чек аралар жабылып, бардык каттамдар убактылуу токтогон. (RK)

XS
SM
MD
LG