Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:39

МТБМК: Кыргызстанда 5G технологиясы жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы орнотулган эмес жана анын жабдыктарынын адамдын ден соолугуна тийгизүүчү зыяны тууралуу тастыкталган маалымат жок. Бул тууралуу 8-июлда Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет (МТБМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкө аймагында 5G технологиялары жок, байланыш операторлору Байланыш агенттигинин уруксатысыз мындай жабдыктарды орното албайт.

Комитет: «5G технологияларынын жабдыктарын иштеткенде адамдын саламаттыгына коркунуч болору жөнүндө лабораториялык тастыктамалар жок. Социалдык түйүндөр аркылуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

Мекеме белгилегендей, фейк маалымат таратуучулар дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам адамдарда жаралган коркунучтан жана санаадан пайдаланып, эл арасында радиофобияны күчөтүп жатышат.

«Радиотолкундар вирустун таратуучусу боло албайт. Адамдар жаңы технологиялар тууралуу жетиштүү маалыматы жоктугунан улам жалган сөздөргө ишенип, дүрбөлөңгө түшүшү мүмкүн. Санариптик гигиенаны сактап, маалыматтын булагын текшериңиздер», деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Соңку күндөрү социалдык түйүндөрдө «5G антенналары вирус жайылтат экен» деген сөз тарап, айрымдар өкмөт бул маселени иликтеши керек деп демилге көтөрүшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG