Орусияда коронавируска чалдыккандардын кайрадан көбөйгөнүн Илдеттин жайылышына каршы күрөшүү боюнча федералдык ыкчам штабдын маалыматы көрсөттү.
Маалыматка караганда, 2-июлга карата бир сутка ичинде вирус 6760 кишиден табылды. Илдет жугузуп алган 147 киши каза болду. 6 047 бейтап айыгып чыкты.
Муну менен Орусияда коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 661 165 кишини түздү. Эки күн мурда ооругандардын көрсөткүчү азайганы маалымдалган.
Эпидемия башталгандан бери Орусияда жалпы 9 683 адам вирустун курмандыгы болду. Эксперттер расмий статистикада өлүмдүн саны азайтылып көрсөтүлүп жатканын айтып келишет.