3-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 24…29;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 26…28 градус болот.