Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:58

Стамбулдагы Айя София музейи кайра мечит болушу мүмкүн


Айя София.
Айя София.

Түркиянын Жогорку административдик соту - Мамлекеттик кеңеш Стамбулдагы Айя-София музейинин макамын өзгөртүп, мечит катары колдонуу боюнча чечим кабыл алганы жатат. «Anadolu» агенттиги чечим ушул бейшембиде же болбосо жакынкы эки аптанын ичинде кабыл алынышы ыктымал экенин жазды.

Стамбулдун чок ортосунда, шаардын тарыхый бөлүгүндө жайгашкан, туристтерге белгилүү мунара 532-537 жылдары византиялык император Юстиниан Iнин буйругу менен курулган жана кылымдар бою христиан чөйрөсүндөгү эң ири чиркөөлөрдүн бири болуп турган.

1453-жылы Константинополду осмон түрктөрү басып алгандан кийин Айя София мечтитке айланган. Андагы христиандарга жана мусулмандарга таандык элементтер ушул күнгө чейин сакталып калган. Дээрлик 500 жыл бою Айя София мечити мусулмандар үчүн Меккедеги Каабадан кийинки эле экинчи ыйык жай болуп турган.

Түрк Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 1935-жылы мечитти музейге айландырган. Бул жай 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган былтыр жазында Айя Софиянын музей деген макамы кайра каралып чыгышы ыктымал экенин айкан. Эрдогандын мындай билдирүүсү Иерусалимдин Израилдин борбор шаары катары таанылганына жообу катары да кабылданган.

АКШдагы, Грекиядагы, Орусиядагы жана Түркиянын өзүндөгү айрым дин аалымдары Айя-Софияны мечитке айландырууга каршы чыгышкан. Вашингтон Анкараны бул жайды азыркыдай эле музей бойдон эле калтырып коюуга чакырган.

XS
SM
MD
LG