Ош облусунун Алай районунда жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 1-июлда саат 20:42де Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жердин титиреши Алайдын Нура айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.
Такталган маалымат боюнча, эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.
2008-жылы 5-октябрда Нурада күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган. (RK)