Ушуну менен өлкөдө СOVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 5296 адамды түзүп, анын кесепетинен 57 адам ажал тапты.
Республикалык штабдын маалыматы боюнча, каза болгондор арасында жакында эле көз жарган 27 жаштагы келин да бар:
«Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 55 жана 76 жаштагы эки эркек, Ош шаардык клиникалык инфекциялык ооруканасында 70 жана 49 жаштагы эки аял, Бишкектеги №2 төрөт үйүндө 27 жаштагы келин, Жайыл аймактык ооруканасында 44 жаштагы эркек жана Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында 53 жаштагы эркек каза тапты»,-деп айтылат штаб тараткан маалыматта.
Коронавирустун курмандыктарынын арасында бир дарыгер да бар. Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунда эмгектенген 70 жаштагы Жамал Тазабекова жумуш учурунда вирусту жугузуп алган. Тазабекованы кошкондо ушуну менен үч дарыгер жаңы илдеттен көз жумду.
Расмий маалыматтар боюнча, учурда коронавирусту жуктуруп алгандар эң көп Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келүүдө.
Илдетти жуктуруп жана андан каза болгондордун саны көбөйгөн сайын пандемияга байланыштуу абал курч экени көрүнүп жатат. Муну өлкө бийлиги да жашырбай, вирус жарандардын арасында жапырт тарап жатканын билдирүүдө. Атүгүл бүгүн өкмөттүн бир нече мүчөсү дал ушул илдеттин айынан парламент алдында ант бере алышкан жок.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жугузуп алганы белгилүү болду. Мындан тышкары өкмөт аппаратынын жетекчиси Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов илдетке чалдыккан оорулуулар менен байланышта болгону үчүн обочолонуп иштеп жатышканын өкмөттөн кабарлашты.
Буга чейин президенттик аппараттын 17, өкмөт аппаратынын 26 кызматкери, парламенттин төрт депутаты жана бир нече кызматкери инфекцияны жугузуп алганы маалымдалган. Дал ушундай шартта COVID-19дун кесепетин жумшартып, илдетти ооздуктоо үчүн бийлик кандай кадамдарга барат деген суроо турат.
Көпчүлүк адистер бул суроонун жообу президент Сооронбай Жээнбековдун 30-июнда парламентке жана элге кайрылуусунда айтылат деп күтүп жатышкан.
Өз кайрылуусунун басымдуу бөлүгүн президент Жээнбеков дал ушул коронавирус кризисине арнады. Ал учурда оорунун коркунучу курч турганын, аны азайтуу үчүн бийлик өкүлдөрү менен кошо жарандардын да жоопкерчилигин эске салды.
Бирок өлкө башчысы кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө барбай турганын, азыр айрым чектөөлөр менен кырдаалды көзөмөлдөөгө мүмкүн деген ишенимде экенин айтты. Президент кандай анализге жана божомолго таянып ушундай чечим кабыл алганын тактаган жок.
Негизи эле президенттин кырдаал курчуган маалдагы билдирүүсү кызыгуу жаратып жаткан. Анткени абал начарлаган учурда Сооронбай Жээнбеков бийликтин мындан аркы кадамдарын жарыялашы мүмкүн деп күтүлүп жаткан болчу.
Журналист Аскер Сакыбаева президенттин кайрылуусунан абалды өзгөртчү ишенимдүү жана чечкиндүү планды уга албаганын айтты:
«Президенттин бүгүнкү кайрылуусу өкмөттүн кезектеги отчетундай таасир калтырды. Азыркыдай кырдаалда борбор калаада көпчүлүк тургундар жугуштуу дартты жугузуп, медицинанын шайып кетип турганда президенттен биз башкача кеп-сөздү күткөн элек. Тилекке каршы, андай болгон жок. Анын кайрылуусун угуп, «Азыркы олуттуу кырдаалдан кабары жокпу?» деген ой калды. Анткени ал бере жүрчү отчет сыяктуу эле билдирүү жасады. Эгер учурдагы медицинанын абалынан кабары болсо, башкача сүйлөшү керек эле деген ойдо калдым».
Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов азыр өкмөт ар бир мүнөттү уттурбай, уюштуруу иштерине өзгөчө көңүл бурушу керек деген пикирде:
«Азыр Бишкекте эки адамдын бири коронавирус же пневмония болуп ооруп жатат. Көп адамдар абалдын оор экенин сезбей жатат. Жеңил ойлуулук коомдо өкүм сүрүүдө. Чынында абал биз ойлогондон да өтө оор болуп жаткандай. Ошондуктан өкмөт убакытты уттурбай, эпидемия менен күрөштү күчөтпөсө болбойт. Азыр көп адамдар өз алдынча дарыланабыз деп иммунитетин түшүрүп жатканы айтылууда. Ошондуктан мамлекет ооруканалардагы бардык бош орундарды, стадион, көчмө жайларды даярдашы керек».
Буга чейин кыргыз өкмөтү коронавирусту дарылоо боюнча алгортимди өзгөрткөнүн кабарлаган. Ага ылайык, мобилдик топтордун саны көбөйтүлүп, өпкөсү кагынгандарды да өзүнчө ооруканаларда дарылай баштаган.
Былтыр декабрь айында Кытайда башталган СOVID-19 инфекциясы дүйнөнүк дээрлик бардык өлкөлөрүндө жайылды. Учурда дүйнө боюнча бул илдетти 10 миллиондон ашык адам жугузуп, жарым миллионго жакыны каза тапты.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы күндөрү инфекция кайрадан тез жайыла баштаганын кабарлады. Анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүндө абал курчуп баратканы сезилүүдө.
Казакстанда коронавируска байланыштуу абал начарлаганы үчүн карантинди киргизүү чечими талкууланып жатат. «Локдаун» деп аташкан чаралар топтомуна ылайык, саламаттык сактоо министринин сунушунун негизинде бир айга жакын чектөөлөр сунушталып жатат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.