Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Жаңы өкмөт мүчөлөрү президенттин катышуусунда парламентте ант берди


Премьер-министр Кубатбек Боронов.
Премьер-министр Кубатбек Боронов.

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз отурумунда өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти.

Бул иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатат. Жалпы жыйындын президент баштаган бардык катышуучулары бет кап менен отурушат.

Ант берүү аземине вице-премьер-министр Эркин Асрандиев баштаган бир катар министрлер катыша алышкан жок. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Эркин Асрандиевдин ПЧР анализинен коронавирус инфекциясы табылган. Учурда Эркин Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүп жатат. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат жана өзүн жакшы сезип калды.

Андан тышкары өкмөттүк аппараттын жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов COVID-19 оорулуулар менен байланышта болгондуктан, обочолонуп иш алып барууда.

Жогорку Кеңештин колдоосуна жана президенттин жарлыгына ылайык Кубатбек Боронов баштаган жаңы өкмөт ишке 17-июнда киришкен.

Буга чейинки өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда жазган. Аны радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электиги менен негиздеген. Президент Абылгазиевдин арызын жана өкмөттүн отставкасын 16-июнда кабыл алган.

Кыргызстандын 29 жылдык эгемендик тарыхында ушуну менен өкмөттүн 31-курамы ант берип, ишке киришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG