Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Имран Хан Усама Бен Ладенди "шейитке" теңегени үчүн сынга кабылды


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан Усама бен Ладенди “шейит кеткен”деп айтканы үчүн сын-дооматка кабылды. Хан парламенттин 25-июнда өткөн жыйынында сүйлөп жатып, “2011-жылы америкалык атайын күчтөр Абботтабад шаарында бен Ладенди жок кылышканда, ал шейит кеткен” деп айткан.

Мусулмандарда ислам дини үчүн же согушта каза тапкандарды “шейит кеткен” деп коюшат.

Хан ошондой эле АКШнын операциясынан кийин өзүн басмырлангандай сезгенин кошумчалады.

“Алар биздин жерибизге кирип келип, кийин кайра бизди сынга алышты”,-деди өкмөт башчы.

Ошол кезде Вашингтон Исламабадды Пакистанда жашырынган террорчуну таап бере албаганы үчүн айыптаган. Анда Исламабад бен Ладен Абботабадда болушу мүмкүн деген маалыматты расмий четке каккан.

Хандын бул сөздөрүн оппозициячыл саясатчылар жана социалдык тармактын колдонуучулары сынга алышты. Пакистан элдик партиясынын өкүлү, сенатор Мустафа Наваз Хохар, Хан бул сөздөрү менен “улуттук коопсуздукка коркунуч келтирерин” билдирди.

2011-жылы "Ал-Каиданын" башчысы Усама Бен Ладенди АКШнын атайын күчтөрү Абботтабад шаарындагы жашыруун рейд учурунда атып өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG