Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү бир апта, тактап айтканда 25-июнь-1-июль күндөрү өтөт. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн эң негизгиси - президент Владимир Путиндин кызматтык мөөнөттөрүн жокко чыгарган жана ага кийинки шайлоого катышуусуна жол ачкан жобо болуп саналат.
Орусиянын бардык аймагында 96 миңден ашык, ал эми дүйнөнүн 144 өлкөсүндө 250дөн көп добушкана ачылды. Коронавирус пандемиясынан улам айрым жерлерде шайлоо бекеттери эшикте, чатырларда уюштурулду. Ошондой эле 21-июнга чейин арыз бергендер добушун үйлөрүнөн эле бере алышат.
Москва менен Нижегород облусунда 25-30-июнь күндөрү почтадан да добуш берилет. Москвадага почта аркылуу добуш берүүгө бир миллиондон ашык жаран арыз жазган.
Буга чейин бир катар басылмалар айрым ишкана-мекемелердин, жогорку окуу жайлардын жетекчилиги кызматкерлерин Конституциядагы өзгөртүүлөрдү колдоп добуш берүүгө мажбурлап жатканы тууралуу толгон-токой арыз-дооматты жазышкан.
Владимир Путин ушул жылдын башында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган жана жалпы элдик референдум алгач 22-апрелге белгиленген. Бирок коронавирустан улам мөөнөтү кийинкиге жылган. Өлкөдөгү оппозиция лидерлери, айрым жарандык активисттер бул референдумду Путиндин бийликте көбүрөк калуу айла-амалы деп сындап, жарандарды добуш берүүдөн баш тартууга чакырып келет.