Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Косовонун президентине согуш кылмыштары үчүн айып тагылды


Хашим Тачи. Приштина, 16-июнь 2020-жыл
Хашим Тачи. Приштина, 16-июнь 2020-жыл

Гаагадагы атайын прокуратура Косовонун президенти Хашим Тачи, парламенттин мурдагы төрагасы Кадри Весели жана «башкаларга» 1998-99- жылдардагы же андан кийинки жаңжал учурундагы согуш кылмыштары, адамзатка каршы кылмыштар үчүн айып такты.

Атайын прокуратуранын 24-июндагы билдирүүсүндө шектүүлөр «жүз чакты адам өлтүрүү» жана «адамдардын дайынсыз жоголуу, кыйноо жана куугунтуктоо» үчүн кылмыш жообуна тартылууга тийиш деп айтылат.

Тачи жана Весели Косовону Боштондукка чыгаруу армиясынын кол башчылары болчу. Этникалык албандардан турган кошуун 1998-99- жылдардагы согушта Белграддын коопсуздук күчтөрүнө каршы күрөшүп келген.

Весели ушу тапта Косовонун Демократиялык партиясын жетектейт жана парламент депутаты. Буга чейин экөө тең согуш кылмыштарына аралашканын танып келишкен.

Прокуратуранын жарыясынан кийин Тачинин кеңсеси президент АКШга сапарын аягына чыгарбай бейшембиде Косового кайтып келерин билдирди.

Ал 27-июнда Ак Үйдө ортодогу мамилелерди оңдоо максатында Сербиянын президенти Александр Вучич менен жолукмак.

Албандар үстөмдүк кылган Сербиянын провинциясында 1998-99-жылдары элдик козголоң башталып, Белград аны күч менен баскан.

НАТОнун 78 күндүк бомбалоосунан кийин Сербия аскерлерин Косоводон чыгарып кеткен. Жаңжалда 10 миңден көп киши өлгөн, 1 600дөн ашуун киши азыркыга чейин дайынсыз.

Косово 2008-жылы эгемендигин жарыялап, Белград, Москва жана Евробиримдиктин бир нече өлкөсү аны тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG