АКШнын Атланта шаарында полиция кармап жатканда жарадар болуп, ооруканада каза болгон афроамерикалык Рейшард Брукстун өлүмүнө байланыштуу бир полиция кызматкерине айып тагылды.
Полициянын 27 жаштагы офицери Гаррет Рольфко "киши өлтүрүү" сыяктуу ондой айып тагылганын Фултон округунун прокурору Пол Ховард 17-июнда жарыялады. Окуя болгондон көп өтпөй кызматтан алынган бул полициячы күнөөлүү деп табылса, ондогон жылдарга абакка кесилип, балким өлүм жазасына да өкүм кылынышы мүмкүн.
Соттук-медициналык экспертиза 14-июнда билдиргендей, Рейшард Брукс 12-июнда артынан эки ок атылып, кан жоготуудан жана ички органдарына жаракат келгенден көз жумган. Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Брукс мас абалында ресторандын жанында машинесинде уктап калган. Ресторандын кызматкерлери Брукс башка кардарларга жолтоо болуп жатат деген негизде полиция чакырышкан.
Тартип коргоочулар текшергенде анын канында алкоголь бар болуп чыккан. Бруксту кармоо маалында ал полиция кызматкеринин электрошокерин жулуп алып, качууга аракеттенген. Тартип коргоочу мээлеп туруп, ага ок аткан. Фултон округунун прокуратурасы бул окуяга катышкан дагы бир полиция кызматкери, 26 жаштагы Дэвин Броснанга "кол салууну күчөткөн, антын бузган" деген айып койду.
Бул окуя май айынын соңунда афроамерикалык Жорж Флойддун полициянын колуна түшкөндөн көп өтпөй каза табышына байланыштуу нааразылык күчөп жаткан маалга туш келди. Эки жумадан ашуун убакытка созулган акциялардан кийин 16-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп полицияны реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Анда полицияга кадрларды тандоону жакшыртуу, кызматкерлердин стандарттарды сакташын камсыз кылуу сыяктуу бир катар чаралар камтылган.