Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Пакистандан жүз кыргызстандыкты Бишкекке жеткиришти


Кыргызстандыктарды «Pakistan International Airlines» компаниясы «Исламабад-Бишкек-Исламабад» чартердик каттамы менен алып келди.
Кыргызстандыктарды «Pakistan International Airlines» компаниясы «Исламабад-Бишкек-Исламабад» чартердик каттамы менен алып келди.

Бүгүн, 17-июнда Пакистан Ислам Республикасынан Кыргызстандын 100 жараны Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жарандарды «Pakistan International Airlines» компаниясы «Исламабад-Бишкек-Исламабад» чартердик каттамы менен жеткирди. Биргеликте уюштурулган каттам менен учак кайра Кыргызстандан Пакистандын жарандарын алып кетти.

Учурда келген жарандар бардык талаптарга ылайык обсервацияга жаткырылды жана тиешелүү медициналык процедуралардан өтүп жатат.

Коронавирус пандемиясы жарыяланган февраль айынан бери чет өлкөлөрдө калып кеткен 15 миңге чукул жаран Кыргызстанга жеткирилди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги учурда дагы беш миңдей кыргызстандык мекенине кетүү өтүнүчү менен кайрылганын маалымдады. (ErN)

XS
SM
MD
LG