Кыргыз эл баатыры, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата 15-июнда эскерүү иш-чаралары өттү. “Ала-Арча” көрүстөнүндө уюштурулган иш-чарага маркумдун жакындары, маданият тармагынын өкүлдөрү катышты. Күлүйпа Кондучаловага багышталып куран окулуп, айкелине гүл чамбар коюлду.
Мурдагы тышкы иштер, маданият министри Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналып "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" аттуу жумалык жарыяланган.
Анын алкагында 8-июндан тартып Кондучалованын кыргыз адабиятына, театрга, кино, балет жана опера искусствосуна, музыкага, сүрөт өнөрүнө жана музей тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын баяндаган иш-чаралар өткөрүлдү. Маданий жумалык 15-июнда аны Эскерүү күнү менен жыйынтыкталат.
Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы 15-июнда туулган.
1953-1980-жылдары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер жана маданият министри болуп турган. Анын ичинен Маданият министрлигин 22 жыл башкарган.
Күлүйпа Кондучалова 2013-жылы 7-сентябрда 93 жаш курагында көз жумган. (ZKo)