Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:32

13-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

13-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Талас облусунда, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 26…31;

Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 28…30 градус болот.

XS
SM
MD
LG