Бишкекте Kaktus.media интернет-басылмасынын кабарчысы көчөдөн белгисиз бирөөнүн кол салуусуна кабылганын айтып, милицияга кайрылды. Окуя тууралуу “Азаттык” радиосуна журналист Марат Уралиев өзү айтып берди:
“Милицияны “102” номуру аркылуу ошол жерге чакырттым. “Белгисиз бирөө кол салды, колумду толгоду, муунтту, видеого тартууга тыюу салып, көчөдөн көчөгө кубалады” деп арыз жаздым. Кабарчы катары жеке коопсуздугубузду күчөтүшүбүз керек окшойт. Аткаминерлердин жансакчылары көчөдөн, коомдук жайдан тартканга ушинтип тыюу салып жатышса...”
Марат Уралиев бүгүн 11-июнда “Кайнар” ресторанында аткаминерлердин катышуусу менен куран окутулуп жатканын видеого тартуу үчүн барган.
“Карантинге байланыштуу 50 кишиден көп чогулбаш керек деген талап бар. Эмне үчүн аткаминерлерге болот, а карапайым элге болбойт?” деп суроо койгон журналист ресторандан чыгып келаткандарды тартайын дегенде кире бериште турган бир адамдын тоскоолдугуна кабылганын айтууда.
Андан кийинки окуяны кабарчы “Фейсбук” аркылуу түз эфирде көрсөттү. Көрүүчүлөр бир адам журналисттин “Өзүңүздү таанаштырыңыз?” деген суроосуна жооп бербестен, он мүнөттөн ашуун убакыт бою ресторанга жолотпой, түрткүлөп, алдын тороп жатканына, милиционерлерден, кадрга түшүп калган айрым депутаттардан жардам сурап кайрылса, реакция болбогонун көрүштү.
Журналист ага күч көрсөткөн адам мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жансакчысы болушу ыктымал деп боолгоп жатат. Kaktus.media порталынын маалыматына караганда, бүгүн саясатчы “Кайнар” ресторанында куран окутту.
Бабанов өзү же анын өкүлдөрү журналисттин айтканына азырынча комментарий бере элек.
Ошол иш-чарага катышканын айткан дагы бир журналист Миржан Балыбаев "Фейсбуктагы" баракчасына "Марат Уралиев тарткан видеону Бабановду коштоп жүргөн адамдарга көрсөтсөм, андагы адамды тааныбай турганын айтышты. Алардын бири Марат Уралиевге каршылык көрсөткөн адам ЖК депутатын коштоп жүрөрүн айтты" деп жазды.
Бишкектин Октябрь райондук милициясы бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “майда ээнбаштык” деген берененин негизинде каттоого алынганын, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын “Азаттыкка” билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 32 жаштагы адам аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди, сотко чейинки териштирүү башталды. (RK)