Түркиянын президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш жана айрым мамлекеттик мекемелер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгон күнүнө байланыштуу социалдык тармакта эскерүүлөрүн таратышты.
Түрк жетекчилер Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү, жазуучуну даңктаган сөздөрдү жазышкан.
Айтматовдун түрк тилине которулган «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттерин Түркиянын Билим берүү министрлиги орто мектептердин программасы үчүн «100 классикалык чыгарманын» тизмесине киргизген.
Түркиянын Анкара жана Стамбул шаарларында Чыңгыз Айтматовдун айкелдери тургузулган. Өлкөнүн чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактары бар.
Измир шаарында ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик лицей окуучуларга билим берет. (ElB)