Алар Ирандын «Kish Airlines» аба компаниясын чартердик учагы менен Казакстандын Алматы шаарына чейин жеткирилген, андан бери атайын автоунаа менен Бишкекке жеткирилди. Келген жарандар медициналык алгоритм боюнча обсервацияга алынат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, алар Казакстандын тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүнүн натыйжасында жеткирилди. Маалыматка ылайык, учурда чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды алып келүүнүн жолдорун издөө жана кайтаруу иштери уланып жатат.
Коронавирус пандемиясы жарыяланган февраль айынан бери чет өлкөлөрдөн келе албай калган 15 миңге чукул жаран Кыргызстанга жеткирилди.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги учурда дагы беш миңдей кыргызстандык мекенине кетүү өтүнүчү менен кайрылганын маалымдоодо.(ZKo)