Коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» менен «Торугарт» чек ара бекеттери ушул жылдын январь айында жабылган.
Дээрлик үй ай жабык турган «Эркечтам» бекети Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тартып ишин кайра улантып, бир күндө он оор жүк ташуучу автоунаанын кирип чыгышына уруксат берилген. Бара-бара Кытайга кирген фуралар көбөйүп, ушул тапта күнүгө «Эркечтам» аркылуу Кытайга кирип чыккан автоунаалар 30га жетти.
Бирок кыргызстандык айдоочулар чек арада жаралган кырдаалга нааразы болуп чыгышты. Алар «айдоочуларга бирдей мамиле болбой жатат» деп бийликти күнөөлөп жатышат. Кытайдан жүк ташып иштеген айдоочулардын бири Исабай Сулайманов бажы бекетинен «Абу-Сахий» аттуу компанияга таандык гана автоунаалар өтүп жатканын айтты:
«Ош облустук администрациясынын алдына «Абу-Сахийдин» өкүлү бир-эки машинедей жүк алып келип, «мына, гуманитардык жардам» деп турду. Муну пара деп айтып койсок боло тургандай болуп калды. Балким ушул негиз болуп атабы же башка кызыкчылыктар барбы? Себеби бүгүнкү күнгө чейин Кытайдын чек арасынан Кыргызстанга 30 оор жүк ташуучу автоунаа кирсе, анын 20-25и «Абу-Сахийдики». Ошолор кирип Кытайдан жүк алып чыгып жатышат. Ал эми башка айдоочулар 10-15 күндөп кире албай, саргара күтүп отурушат».
Айдоочулар коомунун төрөгасы Набир Токторов бул маселени Кыргызстандын транспорт министрлиги чечиши керек деп эсептейт.
«Кытайдын ичине киргенден кийин «Абу-Сахийдин» фуралары бизге кезек бербей жатат, - деди ал. - Маселе Кыргызстанда эмес. Кытайдын ичинде болуп жатат. Бул маселени Транспорт министрлиги чечиши керек. Анткени Кыргызстан менен Кытайдын келишими бар да. Бул жерде бир эле компаниянын кызыкчылыгын көздөп, аларды көзөмөл кылбай, башка ишкерлерди да караш керек. Ал жерде бир гана «Абу-Сахий» компаниясына тийиштүү фураларга гана чиркемелер илинип жатат».
Айдоочулар бул маселе менен Ош облустук администрациясына барышты. Бирок алар облустук бийликтен оңгулуктуу жооп албаганын билдирип жатышат.
Эске салсак, жакында эле кыргыз өкмөтү бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарган журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган «Абу-Сахий» компаниясынан гуманитардык жардам алганы белгилүү болгон.
Кытайлык «Абу-Сахий» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Нурбек Керимбековдин айтымында, коронавируска байланыштуу берилген жардамдын жалпы суммасы 531 миң долларга жеткен.
Журналисттик иликтөөдөгү күмөндүү схемалар боюнча кылмыш ишин укук коргоо органдары териштирип бүтө электе өкмөттүн бул компаниядан ири суммада жардам алганы коомчулукта талкуу жараткан.
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев бул гуманитардык жардам кайра жооп бериш үчүн алынган эмес деп ишендирүүгө аракет кылды:
«Биринчиден, «Абу-Сахийдин» жардамын бийлик алганда «ал үчүн» деген сөз болгон эмес. Экинчиден, Кытайга кирген автоунаалар алгоритм менен кирип-чыгып жатат. Эгер кайсы бир компаниянын жүгү болсо, өздөрүнүн жүгүн өздөрү алып чыгат. Биз чек аранын да, бажынын да ишине кийлигише албайбыз. Биздин милдет вирусту жайылтпоо жана алдын алуу болуп эсептелет».
Ошол эле учурда Кытайлык «Абу-Сахий» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Нурбек Керимбеков кыргызстандык айдоочулар коюп жаткан маселе негизсиз деп эсептейт.
«Бул жалган. Айдоочулар коомунун да, башка ишкерлердин да автоунаалары кирип чыгып жатат. Биздин ишибизде эч кандай саясат жок. Кадимкидей эле өзүбүздүн ишибизди кылып жүрөбүз. Колубуздан келишинче «жардам бергиле» дегендерден жардамыбызды аяган жерибиз жок. Биз элдин жүгүн ташып иштейбиз», - деп жооп берди ал.
Бул маселе май айында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында да көтөрүлгөн эле. Анда депутат Айбек Алтынбеков «Эркечтам» бажы бекетинде кыргыз ишкерлеринин жүгү өтпөй жатканына кызыккан.
Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев депутатка Кыргызстанга кирген жүк тууралуу гана маалымат берип, ал кайсы фирманыкы экенин ачык айта алган эмес. Буга мекеменин басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов мындайча жооп берди:
«Чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү Тышкы иштер министрлиги жүргүзөт. Ал эми транспорттук компаниялар боюнча Траспорт жана жол министрлиги жооптуу. Мамлекеттик бажы кызматы аларга көзөмөл кылбайт. Ал эми бажыга жүктү араба менен алып келеби же башкабы, биз жүктүн мыйзамдуулугун гана карайбыз. Бирок менин билишимче, айдоочулар коомунун автоунаалары да кирип иштеп жатат».
Вирус коркунучунан улам айдоочулар товарларын автоунаадан түшпөй туруп, эки өлкөнүн ортосундагы бейтарап аймактан алмашат. Кытай айдоочулары ал аймакка чиркемелери менен келип, Кыргызстандан барган фураларга кайра чиркеп беришет.
Транспорт министрлигинин өкүлү Арслан Касымаалы уулу иштин мазунунун мындайча түшүндүрдү:
«Бардык эле автоунаалар чиркемелерди илип кете албайт. Ал жерде Кытайдын автоунааларына ылайык келген Кыргызстандын фуралары гана иштей алат. Анткени техникалык абалы талапка жооп бериши керек. Ал жерде өзүнүн алгоритми бар».
Кыргыз-кытай чек арасында «Эркечтамдан» тышкары «Торугарт» өткөрмө бекети да бар. Ал 8-июндан тартып иштей баштай турганы белгилүү болду. Бул маселе эки өлкө ортосунда макулдашылганын 3-июнда Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Кыргызстанга товардын 80-90% Кытай мамлекетинен ташылып келет.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.