Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:05

Жардамдан көрүнгөн саясаттын жүзү


КСДПнын өкүлдөрү жардам таратып жаткан учур. 7-май, 2020-жыл.
КСДПнын өкүлдөрү жардам таратып жаткан учур. 7-май, 2020-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдары жана аны колдогон КСДПнын мүчөлөрү Чүй облустук милициясына жардам көрсөткөнүн билдиришкен. Көп өтпөй бул маалыматты облустук милиция четке какты.

Өкмөт буга чейин чуулуу иштерде аты аталып, күмөндүү уюм же адам экенине карабай, бардык тараптан жардам алып жатканын билдирген.

Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөлөрү 7-майда Бишкектин чет жакаларында орнотулган блокпосттордогу 200дөн ашык милиция кызматкерине жана ыктыярчыларга ысык тамак, суусундук таратканын билдирди.

Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев посттордо турган күч кызматкерлерине 1500 даана жеке коргонуу каражаттарын да тапшырганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Бирок ушул эле күнү кечке жуук Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы «Мурдагы президенттин балдары Аламүдүн районундагы посттордо турган 200дөн ашык милицияны тамак жана суусундук менен камсыз кылды» деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирди.

Облустук милиция күч кызматкерлери коргонуу каражаттары жана тамак-аш менен толук камсыз болгонун, Атамбаевдин балдары элдик кошуундун өкүлдөрүнө жана жергиликтүү тургундарга жардам бергенин кошумчалады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дагы бир уулу Кадыр Атамбаев Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын билдирүүсү тууралуу мындай деди:

Кадыр Атамбаев.
Кадыр Атамбаев.

«КСДПнын социалдык тармактарга жарыялаган видеолорунда биз жардам таратып жатканыбыз даана көрүнүп турат. Экинчиден, муну менен КСДП коронавируска байланыштуу кырдаалда саясий көз карашына карабай бардык күчтөр биригишин каалаган. Ошондуктан позиция жана оппозиция деп бөлүп «жардам таратылган жок» деген билдирүүгө өкүнүп турабыз».

Бул окуя Кыргызстанда оор учурда бийлик жеке тараптардан алган жардам, анын булагы жана моралдык маселени кайрадан козгоду. Карантинде саясатчылар, партиялар жана уюмдар муктаж адамдарга тамак-аш таратып, өкмөткө медициналык каражаттардан жардам берип жатат. Арасында мурда-кийин чуулуу иштерге аралашкан, укук коргоо органдары үстүнөн иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандары да бар.

Өкмөт жакында эле кыргыз бажысындагы коррупциялык иштерде аты аталган «Абу-Сахий» компаниясынан 328 керебет, 800 термометр, 42 миң мээлей, 136 миң беткап, 33 миң тест, 780 коргоочу кийим, 33 дезинфекциялык жабдык, 8 жасалма дем алдыруучу аппарат алган. Ишкана жардамдын жалпы суммасын 531 миң долларга баалаган. Бул коомчулуктун сынына кабылып, бийликтин коррупция менен күрөшүү аракетинен шек жараткан.

Өкмөт «Абу-Сахий» боюнча соттун чечими чыга элек экенин жүйө кылып, азыркы шартта жардамды ылгабай эле алып жатканын билдирген.

Ал эми «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду Саламаттык сактоо министрлигине жардам катары берген экспресс-тесттер боюнча да кайчы пикирлер токтой элек. Адистер «берилген тест коронавирусту аныктабайт» десе, министрлик бул тестти Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) сунуштаганын билдирген. «ПолитКлиника» басылмасы уюм эч кандай тест системасын сунуштабаганын, министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов калп айтканын жазды.

Бир нече жыл журналист болуп иштеген Азият Жекшеев бийлик жардам алууда кош стандарттуу мамиле кылып жатканына көңүл бурду.

Азият Жекшеев.
Азият Жекшеев.

«Эгерде ошол эле тесттерди Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары алып берип «бул жакшы тест» деп айтышса, аларга кандай мамиле болот эле деген суроо турат. Буга кечээ болгон окуядан эле жооп алса болот. Атамбаевдин балдары жардам таратса «биз жардам алган жокпуз» деп актанышат. Ал эми Матраимовдор берген жардамды жарнама кылып чыгарышат. Ушуну менен эле кимге кандай мамиле жасалып жатканын билсе болот»

Ушу күндөрү мамлекеттик кызматта иштеп кеткен саясатчылар жергиликтүү бийлик менен кошо «КамАЗдап» ун таратып жүрөт. Коомчулукта айрымдар таратып жаткан гуманитардык жардамдын каржы булагы кайдан экени суроо жаратууда.

Саясатчы Бектур Асанов айыл аймакты кыдырып тамак-аш берген айрым саясатчылар абалдан пайдаланып жатат деп эсептейт.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Саясатчылар, уюмдар элге берген жардамын жарыялап саясатташтырып жатат. Бул туура эмес. Себеби, берген жардамың кылган сообуң айтылбаш керек. Баарын видеого тартып, өзүн даңазалаган уят. Бул эми саясатчылардын, ишкерлердин маданиятынын төмөндүгү. Моралдык жагы жол бербей, юридикалык тараптан жоопкерчиликке тартылып эл алдына чыга албай жаткандар гумжардам таратууну өзүн актоо, эл алдында реабилитация кылууга пайдаланууда. Мындай күчтөр абалды сөзсүз пайдаланат. Ошондуктан өкмөт алган жардамды да анализдеш керек».

Муктаждарга таратылган тамак-аш баштыктарына кайсы бир партиянын аты жазылган баракчалар кошо салынганы тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланууда.

Материалдык резервдин ундары бир партиянын атынан берилген учурлар да бар экени айтылып, өкмөт аны четке кагып келет. Блогер Эрнис Жээнтаев да саясатчылар коронавируска байланыштуу кырдаалда жеке пиарына колдонгон учурларды сындады.

«Карантин жарыялана электе партиялардын баары шайлоого даярданып жатышкан. Булар карантин учурунда да ошол күрөштү улантышууда. Бийлик жардам берип жаткандардын ишине тыюу салып да коё албайт да. Ал эми көрсөтүп жаткандар берген жардамын саясатташтырып, шайлоого упай топтошууда».

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда президенттин жарлыгы менен 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Президенттин 28-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынган.

Учурда өзгөчө абал режими сакталып турган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. Мындай режим учурунда мекеме-ишканалардын иши токтотулду. Миңдеген адам убактылуу жумушсуз калып, тамак-ашка муктаждар көбөйдү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG