Кыргызстанда кесипкөй адистердин колдоосуна муктаж ишкерлердин ишин өнүктүрүүгө жардам берүү максатында программа иштей баштады. Жети жумалык программага төмөнкү талаптарга жооп берген чакан бизнес ээлери катыша алат:
- 15тен аз жумушчусу бар;
- 12 айдан кем эмес учурдан бери иш жүргүзгөн;
- Жылдык кирешеси 8 миллион сомдон аз.
Аны РЕАК Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы Борбор Азия университетинин Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби менен бирге ишке ашырат.
Уюштуруучулар 10-июнда кыргыз жана орус тилинде өтчү маалыматтык сессия акысыз экенин, толук маалыматты https://peak.kg/otkryt-nabor-zayavok-na-akseleracionnuju-programmu-biznes-rost/?fbclid=IwAR17Hv61HnpRpPXCyxZBbMygl5ZCRP7XolCbdDB0Mn_xrCf3LmoklLoV15k сайтынан алса болорун билдиришти. (RK)