Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги маалымат таратты. Анда 9-июнда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейс пландаштырылганы жазылган.
Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы миңден ашык жаран 24-мартта, 17-апрелде, 24-апрелде жана 15-майда атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан.
Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар күндөн күнгө азаюуда. 1-июндагы расмий маалыматка ылайык өлкөдө коронавирус жугузуп алгандар 164 миң адамдан ашты. Акыркы 24 саатта вирустун айынан көз жумгандар 25 киши болуп, жалпы каза болгондордун саны 4563кө жетти.
Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет. (ElB)