Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:51

Өкмөт ишканаларды банкрот деп жарыялоону убактылуу токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү ишканаларга карата банкроттук процесси боюнча демилге көтөрүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Экономика министрлигине караштуу Банкроттук иштери боюнча департаментке, Мамлекеттик салык кызматына жана Социалдык фондго мындай демилгелерди жыл аягына чейин токтото туруу тапшырылганы айтылат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон чечимде бул документ мамлекеттик органдардын COVID-19га каршы чараларынын түз жана кыйыр таасиринен улам төлөөгө жөндөмсүз болуп калган ишкердик субъектилерин колдоого багытталары айтылды.

Ошондой эле өкмөт ишканаларды колдоо боюнча иш планын бекиткени, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүүнүн натыйжасында топтолгон салыктык жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын суммасын төлөөнүн мөөнөтүн узартуу жана бөлүп төлөө каралып жатканы да белгилүү болду.

Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы учур 18-мартта катталган. Ооруну жайылтпоо максатында өкмөт карантин жарыялап, ишкана-мекемелердин иши токтогон. Май айынан тартып баскыч-баскычы менен кайрадан уруксат берилүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG