Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Аббас Мусави «Венесуэла күйүүчү май сураса, Тегеран танкерлерин дагы жөнөтүүгө даяр» деп билдирди. Мусави «Иран Венесуэла менен эркин соода кылуу укугунан пайдаланып жатканын» белгиледи. Вашингтон санкциялар салынган ал эки өлкөнүн ортосундагы жүк ташууга жол бербөөгө аракет кылган.
Ислам Республикасы буга чейин Венесуэлага беш кеме менен кара май жөнөткөн. Бир кездери Латын Америкасындагы эң ири мунай өндүрүүчү экономикалык кризиске учурап, бензиндин тартыштыгынан жапа чегип келатат.
Вашингтон өкмөттөргө, портторго, жүк ташуучуларга жана камсыздандыруучу фирмаларга алар танкерлерге көмөк беришсе, чара көрүлөрүн эскерткен.
«Refinitiv Eikon» аналитикалык компаниясынын маалыматына караганда, эки танкер жүктү Венесуэланын портуна калтырып, артка жол тартты. Дагы экөө өлкөнүн жээгине жакындады.
Тегеран менен Вашингтондун мамилелери 2018-жылы президент Дональд Трамп эл аралык өзөктүк келишимден чыгып, Иранга каршы экономикалык санкциялар калыбына келтириле баштаганда ого бетер начарлаган.