Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Бишкектеги Инфекциялык оорукана обсервацияга жабылды


Инфекциялык оорукананын кире бериши.
Инфекциялык оорукананын кире бериши.

Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык оорукана бейтап толуп калгандыктан обсервацияга жабылды. Бул тууралуу 30-майда "Азаттык" радиосуна оорукананын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди.

Ал "Азыр биз обсервациялык тартипте гана иштеп баштадык. Бейтаптарды кабыл алуу толугу бойдон токтотулду" деди.

Учурда бул ооруканада жалпысынан 400дөн ашуун адам көзөмөлдө жатат. Беш киши коронавирустан абалы начарлап, реанимация бөлүмүндө.

Ооруканадагы 19 медициналык кызматкерге COVID-19 жуккан.

Саламаттык сактоо министрлиги бул мекеме жабылса резерв катары "Кыргыз темир жолу" ишканасынын ооруканасын жугуштуу оорулар үчүн даярдаган. Коронавирус аныкталган бейтаптар эми ошол жайга жөнөтүлөт.

Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандар башкаларга жугузган учурлар көбөйө баштады.

Жалпысынан 30-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1722 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1113 бейтап айыгып кетти. (BCh)

XS
SM
MD
LG