Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Москвада сабалган кыргыз мигранты арыз жазды


Кыргыз жараны Москванын полициясы аны кантип ур-токмокко алганын көрсөтүп берип жатат. Май, 2020-жыл.
Кыргыз жараны Москванын полициясы аны кантип ур-токмокко алганын көрсөтүп берип жатат. Май, 2020-жыл.

Москвада полициядан таяк жеген кыргызстандык Нурсултан Ысманалиевдин арызы боюнча бейшембиде тергөөгө чейинки териштирүү башталды. 

Жалал-Абад облусунан Москвага февралдын аягында ишке келген 26 жаштагы кыргыз жараны Нурсултан Ысманалиевди 25-майда Кремлдин тушундагы «Охотный ряд» метро станациясынан чыга бериште ондогон полиция кызматкерлери сабаган. Анын баш сөөгү менен эки буту жабыркап, азыркы кезде баса албай үйдө жатат.

Алдыда үч-төрт автобус турган. Ошонун артына алып барып, документтеримди ыргытып жиберип, бирөө артыман тээп жиберди.

«Мен «Китай город» метросу жакка ишке кетип бараткам. «Охотный ряд» метросунда шеригимди күтүп тургам. Эки полиция кызматкери келип, документтеримди сурады. Жашаган жер боюнча каттоо, миграциялык картамды, шаарда жүрүүгө керектүү уруксатты көрсөттүм. Беткап, мээлей кийип тургам. «Документтериңди текшеребиз» деп автобустар жакка алып жөнөштү. Ошол кезде мен телефонума видеого тарта баштагам, аларды. Алдыда үч-төрт автобус турган. Ошонун артына алып барып, документтеримди ыргытып жиберип, бирөө артымдан тээп жиберди. Жерге жыгылып түштүм, экөө колумду кайрып тургузуп, автобустун артына жабыштырып, талтайтып тургузуп алып, артымдан улам бирөө тебе баштады. Союл менен урганда башым автобуска урунуп, оозу-мурдум жарылып кетти. Өзүмө келип, турайын десем эле улам бирөө артымдан келип же тебет, же союл менен урат. Анан телефонумду ачтырып, видеону өчүрүштү. 30дай полиция кызматкери бар болчу. Ону сабады. Калгандары мазактап карап турушту».

Кыргызстандан келип эле коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин чараларына кабылып, үч ай жумушсуз отурган мигрант Москвада курулуш иштерине уруксат берилери менен ишке чыкканын айтат. Ал карантин талаптарын сактап, шаарда мээлей, беткап кийип жүргөн. Миграциялык документтери жанында болгон.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин апрелдеги жарлыгына ылайык, 15-июнга чейин полиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарды көчөдөн токтотуп, миграциялык документтерин талап кылбашы керек эле.

Нурсултан окуядан кийин дароо ооруканага барып, дарыгерлерге полиция кызматкерлери сабаганын айтып берген. Бирок эки сааттан ашык күтүп отуруп, денесине келген зыян боюнча дарыгерлерден маалымкат ала алган эмес.

Кийин укук коргоочу Валентина Чупикке кайрылып, Сокольники районундагы травмпунктта башына, бутуна жаракат алганы аныкталып, «Тез жардам» менен ооруканага жөнөтүлгөн.

«Башымды, эки бутумду талкалашты, - дейт Нурсултан. - Сол бутумдун тизеси шишип кеткен, калган денем көк ала. Баса албай калдым. «Тез жардам» менен ооруканага барсам, кабыл албай коюшту. «Медициналык полисиң жок экен, акча төлөйсүң» дешти».

Укук коргоочу Валентина Чупик кыргызстандык жаранды полиция кызматкерлери сабаганы боюнча Орусиянын ИИМнин Жеке коопсуздук башкармалыгына, Тергөө комитетине, прокуратурага арыз жөнөтүп, Москвадагы кыргыз элчилигине кабарлаган.

Тергөөгө чейин териштирүү маалында элчиликтин кызматкери жана укук коргоочу Валентина Чупик полиция кызматкерлери менен. Май, 2020-жыл.
Тергөөгө чейин териштирүү маалында элчиликтин кызматкери жана укук коргоочу Валентина Чупик полиция кызматкерлери менен. Май, 2020-жыл.

28-майда бул арыздардын негизинде тергөөгө чейинки териштирүү башталган. Жабырлануучу тергөөчүлөргө окуя болгон жерди көрсөтүп, арыз жазып берген.

Нурсултан Ысманалиев элчиликтен кызматкер келгенин, бирок эч кандай укуктук көмөк ала албаганын белгиледи:

«Биздин элчиликтен эч кандай деле жардам болгон жок. Бир кызматкери келип, мени менен деле сүйлөшкөн жок. Эмне болгонун өзүм айтып бердим. Анан болгон нерсени видеого тартып алып, кетип калды».

Ал эми Валентина Чупик кыргыз тилинде эркин сүйлөй албаган кыргыз элчилигинин кызматкери жабырланган кыргыз жаранын арызды орус тилинде жазууга көндүрүүгө аракет кылганын, мунун менен орус тили чабал мигрантка каршы аракет жасалганын айтты:

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

«Жабырлануучу орусча эркин сүйлөй албайт. Орус тилин 5-класстын деңгээлинде билет. Орусча түшүнөт, анча-мынча сүйлөйт, бирок мисалы арызды эркин жаза албайт. Элчиликтин кызматкери болсо кыргызча түшүнөт, бирок сүйлөй албайт экен. Анын Нурсултанга арызды орусча жаздырууга аракет кылганы өтө акылсыздык болуп калды. Анткени Нурсултанга кийин котормочу бербей коюшмак. Сурак, тергөө, сот иштери котормочусуз өтмөк. Нурсултан укуктук, юридикалык терминдерди түшүнбөй, өз укугун коргоого кыйын болмок».

Чупиктин айтымында, 25-майда Кремлдин тушунда Москва полициясынын № 2 ыкчам полку кызматта болгон. Тергөөгө чейинки териштирүүдө Нурсултан Ысманалиев аны сабап, мазактап карап турган 30дай полиция кызматкеринин бирөөсүн таанып, көрсөтүп берген.

Тергөө комитети адатта арыз кабыл алынгандан кийин үч күндүн ичинде кылмыш ишинин козголушу же козголбошу тууралуу чечим чыгарышы керек.

Москвадагы кыргыз элчилиги Орусиянын ИИМнин Жеке коопсуздук башкармалыгына бул окуяны териштирүү боюнча кайрылуу жөнөткөнүн билдирди.

Москва полициясы ур-тепкиге алган Нурсултан тууралуу алгач «Настоящее Время» телеканалына кабарлаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG