Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Миннесота штатында афроамерикалыктын өлүмү нааразылык жаратты


Нааразылык акциясына чыккандар.
Нааразылык акциясына чыккандар.

АКШнын Миннесота штатына караштуу Миннеаполис шаарында үч күндөн бери башаламандык өкүм сүрүүдө. Нааразылык акцияларына кара терилүү Жорж Флойд аттуу жарандын өлүмү себеп болду.

46 жаштагы Флойд 25-майда полиция кызматкерлери кармап кеткенден кийин ооруканада каза тапкан. Социалдык тармактарда тараган видеодо колуна кишен салынган Флойддун жерде жатканын, аны полиция кызматкери тизеси менен мойнунан басып турганын көрүүгө болот. Флойд бир нече жолу дем ала албай, думугуп баратканын айткан. Анын өлүмүнүн негизги себеби аныктала элек.

Флойд жалган документ жасоого шек саналып кармалган. Ал колго түшкөн маалда куралы болгон эмес.

ФБР афроамерикалыктын өлүмүн иликтей баштагандан кийин төрт полиция кызматкери жумуштан бошотулду. Миннеаполистин мэри Жейкоб Фрей да аларды жазалоону талап кылууда. Полициячылардын аракетин коомдук көрүнүктүү ишмерлер айыпташууда. Мурдагы вице-президент Жо Байден полиция кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууга чакырды.

Башаламандык 26-май күнү кечинде башталып, кийинки күнү да уланган. Демонстранттар полиция бөлүмүнүн имаратынын алдына чогулуп, айрымдары тартип сакчыларына таш ыргытышкан. Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Бул арада вандализм, дүкөндөрдү өрттөө жана талоончулук фактылары да катталууда.

Демонстрациялар башка штаттарда, анын ичинде Калифорнияда да өтүүдө. АКШнын Юстиция минстрлиги Жорж Флойддун өлүмүн иликтөө «негизги приоритет» экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG