Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:11

Казакстандын хром заводундагы кырсыктан төрт жумушчу каза болду


Актөбө хром кошулмалар заводу. Архивдик сүрөт.
Актөбө хром кошулмалар заводу. Архивдик сүрөт.

28-майда Актөбө хром кошулмалар заводунда төрт жумушчу каза болуп, экөө ооруканага түштү. Алардын абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына Актөбө облустук ден соолукту сактоо башкармалыгы менен эмгек инспекциясы билдирди.

Маалыматка караганда, өндүрүштө колдонулган бактын ичиндеги химиялык калдыкты тазалап жатканда бир жумушчу күйүп кеткен. Аны куткарыш үчүн 50 куб метр бакка түшкөн беш жумушчуну да жалын каптаган. Анын кесепетинен дагы үч кызматкер жан берип, экөө ооруканага түштү.

Бул окуя боюнча «Байкабастыктан эки же андан көп кишинин өлүмүнө алып келген эмгек коопсуздугун бузуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Ооруканадагы жумушчулардын бети, моюну жана колу күйгөн. Бири - 32, экинчиси - 36 жашта.

Казакстандагы хром кошулмалар заводу Актөбөнүн четинде жайгашкан. Ишкана монохромат, натрий бихроматын жана авиация, мунай өндүрүү, фармацевтика тармагында колдонулуучу заттарды чыгарат. Хром кошулмалары дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнө экспорттолот.

XS
SM
MD
LG