Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:30

Сицилияга келген белгисиз кеме жүздөгөн мигрантты таштай качты


Африкадагы жакырчылыктан каржалган миңдеген адамдар талапка жооп бербеген, сапатсыз, мыйзамсыз кемелерге түшүп алып Жер ортолук деңизи аркылуу Европаны көздөй агылат.
Африкадагы жакырчылыктан каржалган миңдеген адамдар талапка жооп бербеген, сапатсыз, мыйзамсыз кемелерге түшүп алып Жер ортолук деңизи аркылуу Европаны көздөй агылат.

Италиянын түштүгүндөгү Сицилия аралына 24-майда белгисиз кеме 400дөй мигрантты түшүргөндөн кийин көздөн кайым болду. «Ansa» маалымат агенттиги полицияга шилтеме кылып, ал кемени тик учак, күзөт кемелери менен издеп таппай калышканын жазды.

Сицилиянын Пальма-ди-Монтекьяро шаарында калтырылган мигранттар жолго чыгып алып, ары-бери каттаган машинелерди токтотуп, суу, каражат сурай башташкан жана жакынкы эл жашаган аймактарга жеткирип коюуну өтүнүшкөн. Полиция менен аскерлер бул өлкөгө мыйзамсыз келгендерди кармаганга аракет кылышкан.

Африканын бир катар өлкөлөрүндөгү жакырчылыктан каржалган миңдеген адамдар талапка жооп бербеген, сапатсыз жана мыйзамсыз кемелерге түшүп алып, Жер ортолук деңизи аркылуу Батыш Европаны көздөй мыйзамсыз жолдор менен агылып келет.

Кемеде келатып кырсыкка кабылган, ондогон миграттар чөгүп кеткен, дайынсыз жоголгон учурлар байма-бай катталууда.

XS
SM
MD
LG