Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Иран Венесуэлага күйүүчү май ташып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Венесуэланын жээгине Ирандын күйүүчү май жүктөлгөн беш кемесинин бири жетти. Вашингтон эки мамлекеттин ортосундагы мындай аракеттерге байланыштуу Иран менен Венесуэлага каршы жаңы санкцияларды киргизерин эскерткен.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро расмий Тегеранга ыраазычылык билдирди. Калган төрт кеме ушу тапта Атлантика океанында баратат.

Түштүк Америкадагы бул мамлекетте мунайды кайра иштетүүчү заводдордун аз гана бөлүгү иштеп жаткандыктан, күйүүчү майга муктаждык күчөгөн. Мамлекетке Кошмо Штаттар санкция киргизип салгандыктан, ал башка жактардан жардам ала албайт. Өзү да Американын кара тизмесинде экенине карабай мындай жардам көрсөтүүгө Иран гана батынган.

Кошмо Штаттардын Мамдепартаментинин басма сөз катчысы Морган Ортагус президент Мадуронун бул кадамын сынга алып, Венесуэла эли эркин жана калыс президенттик шайлоого муктаж экенин айтты.

XS
SM
MD
LG