Чехиянын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус илдети 8932 кишиден табылганын билдирди. Анын ичинен 6063ү айыгып чыгып, 315 бейтап вирустан каза болду.
Чехияда 19-майдан тартып кеңсенин ичинде медициналык беткапты тагынуу милдеттүү болбой калган. Адамдардын ортосундагы эки метр аралык сакталышы керек. Ал эми 25-майдан баштап сыртта беткапсыз эле жүрүүгө уруксат берилди. Бирок жабык жайларда, коомдук транспортто беткап тагынуу зарыл.
Андан тышкары мейманканалар, бассейн, тамактануу жайлары иштей баштады. 18-майда аба каттамдары жанданып, Прага – Амстердам, Прага – Франкфурт жана Прага – Париж каттамдары жүргүзүлө баштаган.