Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:17

Президент кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков быйылкы Орозо айы коронавирус пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал шартында өткөнүн белгилеп, кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келгени үчүн кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди.

Президент Жээнбеков элдин саламаттыгы үчүн тыным албай иштеген дарыгерлердин жана коомдук коопсуздукту күнү-түнү камсыз кылган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишине жогору баа берди:

"Биримдик менен жеткен натыйжабызды текке кетирбей, оорунун мындан ары тарашына бөгөт коюу — негизги максатыбыз. Буга чейин мамлекеттик органдар тарабынан чектөөлөр киргизилип, көзөмөл катуу болду. Эми жеке ар бирибиздин жоопкерчилигибиз күчөдү. Ушуну баарыбыз толук түшүнүшүбүз зарыл. Ар бир ата-эне балдарынын ден соолугуна, жүрүм-турумуна көз салып, илдет менен күрөшүүдө өздөрү үлгү көрсөтүшү керек. Бир адамдын кенебестиги жүздөгөн адамга залакасын тийгизет. Ошондуктан сиздерди коомдун саламаттыгына кайдыгер карабай, кырдаалга бийик жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырам".

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга Рамазан айында ниет кылган тилектер аткарылсын деп каалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG