Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

Путин: Орусия дүйнөдөгү бир да мамлекетте жок куралга ээлик кылат


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин анын мамлекети дүйнөдөгү бир да мамлекетте жок куралга ээлик кыларын билдирди. Бул тууралуу ал «Россия-1» телеканалындагы «Москва. Кремль. Путин» деген көрсөтүүдө айтты.

«Бул такыр жетишип болбой турган иш эле. Бирок биз аны ишке ашырдык. Мындай ийгилик бекем пайдубалы жок илим болбосо, илимий мектептер болбосо жана инженер адистер болбосо, ишке ашмак эмес», - деди Путин.

«Коммерсантъ» гезитинин жазганына караганда, Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен куралдарды көзөмөлдөө жаатында телефондо сүйлөшкөн. Трамп Путинди курал жагынан таймашууга жол бербөөгө чакырган.

Басылманын кабарына ылайык, Орусия курал иштеп чыгаруу жагынан дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда турат.

XS
SM
MD
LG