Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:31

Обсервацияда жаткандар нааразылык билдирүүдө (видео)


«Манас» аэропортунун жанындагы обсервациядагы нааразылык. 17-май, 2020-жыл. Сүрөт Интернетке жарыяланган видеодон алынды.
«Манас» аэропортунун жанындагы обсервациядагы нааразылык. 17-май, 2020-жыл. Сүрөт Интернетке жарыяланган видеодон алынды.

«Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар ал жайдан чыгарууну талап кылып жатышат. «Бизди кетиргиле» деген талаптар айтылууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда «ал жерде маселе бар».

Министрликтин өкүлдөрү нааразылык билдирип жаткандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн обсервацияга жөнөп кеткени маалым болду.

Буга чейин Интернет булактарында обсервацияга жаткырылгандар көчөгө топтошуп чыгып алганы тартылган видеотасма тараган.

18-майга карата Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус 78 адамдан табылды, алардын 43ү Орусиянын Соль-Илецк шаарынан 7-майда автобус менен жеткирилгендер экени расмий айтылды.

Бир аз мурдараак саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев чет жактан кайтып жаткан кыргызстандыктарды дароо үйүнө коё бербей, обсервацияда кармоо эрежеси өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатканын айткан. Орусиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ПЦР анализин кайталап текшергиче кармап туруу алардын туугандарынын арасында илдеттин жайылып кетишине жол бербегенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG