Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Министрлик: Мигранттар аркылуу вирустун жайылышына жол берилген жок


Орусиядан Казакстан аркылуу кайткан мигранттар автобус менен ташылып келди. 7-май, 2020-жыл.
Орусиядан Казакстан аркылуу кайткан мигранттар автобус менен ташылып келди. 7-май, 2020-жыл.

Чет жактан кайтып жаткан кыргызстандыктарды дароо үйүнө коё бербей, обсервацияда кармоо эрежеси өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Орусиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ПЦР анализин кайталап текшергиче кармап туруу алардын туугандарынын арасында илдеттин жайылып кетишине жол берген жок.

«Соңку суткада аныкталган мигранттардын дээрлик баары - обсервация шартында кармалып тургандар, - деп түшүндүрдү ал. - Соль-Илецкиден кайткандарды обсервациядан чыгарбай туруп кайрадан ПЦР анализ алуу тууралуу чечим кабыл алынган. Себеби алар автобус менен келген, оорунун жугуу коркунучу өтө жогору болгон. Ошол чечим туура болгон экен. Үй карантин шартында вирус алардын жакын контакттарынын арасында жайылышына жол берилген жок. Обсервацияда кармаганыбыз андайды алдын алды. Башында, билесиздер, арасында баш ийбегендер болгон. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн».

18-майга карата Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус 78 адамдан табылды, алардын 43ү Орусиянын Соль-Илецк шаарынан 7-майда автобус менен ташылып келгендер экени расмий айтылды.

Бир айдан ашуун орус-казак чек арасында топтолуп турган 541 эмгек мигранты тогуз автобус менен казак-кыргыз чек арасына жеткенче Казакстандын 2 миңден ашуун чакырым жолун, төрт облусун аралап өткөнү маалымдалган.

Бишкекке келер замат алар обсервацияга алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG