16-майда кечки саат алтыга жакын катуу жааган жамгырдын кесепетинен Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын Таш-Төбө коктусунунан сел суулары каптаган. Сел болжол менен 5 гектарга жакын арпа жана картошка айдалган жерди жууп кеткен. Турак жайларга жана адам өмүрүнө кесепети тийген эмес.
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү баш болуп, облустагы жарандык коргонуу башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы жана Талас районунун акими сел каптаган аймакка барып, тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. 17-майда келтирилген чыгымдар такталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
16-майда катуу жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районунда да сел жүрдү. Саат 17:20 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Сузак району менен Базар-Коргон районунун чектешкен Беш-Капа айылын аралап өткөн Бишкек-Ош жолун сел каптаган. Аймакка Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын адистери баштаган ыкчам топ барып, тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Адам өмүрүнө жана материалдык зыян келтирилген жок. Тазалоо иштери уланып жатат.
3-6-май күндөрү болгон сел менен мөндүрдөн Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон райондорунда сел жүргөн. Натыйжада селдин кесепетинен келтирилген зыяндын суммасы 6 млн. 307 миң сомдон ашкан. Ал эми Баткен облусу табигый кырсыктан 55 млн. 276 миң сом чыгым тартканы кабарланган. (ZKo/RsK)